Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

ИИМ: Бишкекте добуш сатып алуу фактылары териштирилип жатат


Бишкек. 11-июль, 2021-жыл.
Бишкек. 11-июль, 2021-жыл.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстанда үч шаарда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоого байланыштуу 10-июлга чейин 59 мыйзам бузуу фактысын каттады.

Анын ичинен Бишкекте 18, Ошто 19 жана Токмок шаарында 22 факты. Бул окуялар боюнча Ошто алты кишиге (ред: үчөө талапкер) шектүү катары кабарлама берилип эки иш сотко жөнөтүлдү. Бишкекте эки кишиге ушундай эле кабарлама тапшырылды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов 11-июлда билдирип, шайлоо күнү канча арыз түшкөнү тууралуу буларды айтты.

"Саат 13:00гө карата тергөөгө жалпысынан 40 маалымат түштү. Бишкекте 32, Ошто эки, Токмокто алты маалымат. Бишкекте алты иш кылмыш болуп катталды. Арасында добуш сатып алуу боюнча да бар. Калгандары териштирилип жатат".

Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат. Аталган шаарларда 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам жокко чыгарылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG