Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Кыргызстанда Курман айт 20-июлда белгиленет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт 20-июлда белгиленерин билдирди. Муфтият тараткан маалыматта “11-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 19-июль арапа күнү, 20-июль Курман айт майрамы”,-деп айтылат.

Коронавируска байланыштуу Курман айтты белгилөөдө кандайдыр бир чектөөлөр болоору же болбосу азырынча белгисиз.

Быйыл Орозо айтта намазды мечиттерде гана окууга уруксат берилип, борбордук аянттарда экинчи жыл катары менен эл чогулган эмес.

Пандемиядан улам Сауд Арабиясы былтыр февралдан тартып ажылык зыяратка чет элдиктерди кабыл алууга чектөө киргизген.

Былтыр ноябрда падышачылык башка өлкөнүн жарандарына кичи ажылык - умрага зыярат кылууга уруксат берген. Тизмедеги 108 мамлекеттин арасына Кыргызстан кирбей калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG