Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:39

Инанды иши: Түркияга ким көмөктөшкөн?


Орхан Инандыны колдогон акция. Бишкек. 16-июнь, 2021-жыл.

Соңку бир апта ичинде англис тилдүү жана түрк тилдүү бир топ маалымат каражаттары Анкара доомат арткан “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын Кыргызстандан Түркияга жеткирилгени тууралуу жаңылыкка көңүл бурушту.

Түркиядагы көп окулган гезиттердин бири “Хүрриеттин” баяндамачысы Недим Шенер өзүнүн Инанды тууралуу биринчи макаласына Кыргызстандын Түркиядагы башкы консулу Айбек Акаевден жооп келгенин 9-июлда жазды. Шенер “Хүрриет” гезитинде 7-июлда жарыяланган алгачкы макаласында Инандынын Түркияга тымызын алынып келингенин кыргыз президенти Садыр Жапаровдун “белеги” катары мүнөздөгөн.

Түркияга ким көмөк көрсөткөн?

Бул макалага жооп берген консул Акаев Кыргызстандын расмий жетекчилигинин теги түркиялык кыргыз жараны Орхан Инандыны Түркияга жеткирүү операциясына көмөк көрсөткөнү тууралуу маалыматтарды четке каккан.

“Орхан Инанды жоголгон биринчи күндөн бери Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бул маселени өз көзөмөлүнө алып, Ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке иликтөө иштерин күчөтүүнү жана Орхан Инандыны издөө иштерине кошумча күчтөрдү тартууну тапшырган”, - деп билдирген ал.

Социалдык тармактарда жүз миңдеген катталуучулары бар Недим Шенер консулдун жазгандарына кайра жооп кайтарган:

“Түркиянын Улуттук чалгын уюму (MIT) бүгүнкү күнгө чейин 40ка жакын өлкөдөн ФЕТОнун (ред. Түркия Гүлен кыймылын ушунтип атайт) 100дөн ашык мүчөлөрүн алып келгенде мыйзамдын алкагынан чыккан эмес, экинчи өлкөнүн өз алдынчалык укугуна шек келтирген эмес жана кызматташтыкка барган”, - деп билдирген “Хүрриеттин” баяндамачысы.

Ошондой эле автор Инандынын Түркияга алынып келиши менен Гүлен кыймылына сокку урулганын жазып, бул кыймыл боюнча түрк бийлигинин расмий позициясын кайталаган.

Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылын күнөөлөп, аны “ФЕТО” же “Фетхуллахчы террордук уюм” деп жарыялаган. Гүлен жана анын тарапкерлери Түркиядагы төңкөрүш аракетине тиешеси жоктугун билдирип келишет. Батыш өлкөлөрү түрк бийлигинин бул кыймылдын он миңдеген мүчөлөрүн камакка алганын же жумуштан айдаганын сынга алып жүрөт.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын бийлиги Орхан Инандыны Гүлен кыймылынын салмактуу мүчөсү катары мүнөздөп жатат. Инанды жоголгондон бери анын жүздөгөн тарапкерлери Кыргызстанда акцияга чыгышкан жана аны миңдеген окуучуларга билим берген мугалим деп сыпаташкан.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган кыргыз жараны, теги түркиялык Орхан Инанды кармалганын жарыялап жаткан учур, 5-июль 2021-жыл.
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган кыргыз жараны, теги түркиялык Орхан Инанды кармалганын жарыялап жаткан учур, 5-июль 2021-жыл.

Узаган аптада “Human Rights Watch” укук коргоо уюму Түркия Инандыны уурдап кетүү менен мыйзам үстөмдүгүн жана эл аралык нормаларды көз жаздымда калтырганын билдирген. Уюмдун мындай билдирүүсүн дүйнөлүк бир топ маалымат каражаттары басып чыгышты. Алардын бири Жакынкы Чыгыштагы өнүгүүлөргө көз салган “Аль-Монитор” сайты Орхан Инанды кыйноого кабылган болушу мүмкүндүгүн жубайы Рейхан Инандыга шилтеме кылып кабарлады.

“Сүрөттө анын оң колу шишип тургандай көрүнөт. Алар аны бир нерсеге кол койдурабыз деп мажбурлашкан жана ал баш тарткан. Ал кишиге эмне кылганын карасаңар”, - деп билдирген Рейхан Инанды.

Ошондой эле басылма Түркияда Гүлен кыймылына тиешеси бар деп кармалган адамдар караңгы түрмөлөрдө кармалып, кыйноого алынганын, айрымдар дайынсыз жоголгонун белгилеген.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды түрк атайын кызматтарынын аракетинин натыйжасында Түркияга жеткирилгенин 5-июлда жарыялаган. Ал Инандыны Гүлен кыймылына тиешеси бар деген “арам акчаларды Борбор Азияга жумшаган” деп айыптаган. "Демирөрен" маалымат агенттиги билдиргендей, 53 жаштагы Орхан Инанды Анкара шаардык полициясына өткөрүлүп берилип, тергөө изоляторуна 11-июлга чейин камалган.

Ооганстандагы камтама кылган кырдаал

Ооганстандын өкмөтү менен талибдердин куралдуу кагылышуулары күчөп, Тажикстанга кире качкан ооган аскерлеринин саны көбөйгөн сайын Борбор Азия дүйнөлүк медианын көңүл борборуна чыгууда. 9-июлда АКШдагы “Вашингтон пост” гезити “Ооганстандагы күчөгөн башаламандык Тажикстандан Орусияга чейинки лидерлерди эмне үчүн кабатыр кылат?” деген макаласын жарыялады.

Анда Ооганстандын түндүгүндө салгылашуулардын күчөшү менен коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү жаңжалдын ооган чегинен чыгып кетишин алдын алуунун айласын издеп жатканы, Орусия да өзүнүн таасир көргөзүү аймагындагы соңку кырдаалга тынчсызданып турганы жазылган.

“Тажикстандын Ооганстан менен 1350 чакырымдай (840 миля) чек арасы узактан бери тынчыбай келет. Ондогон жылдардан бери бул чек ара баңгизат аткезчилигинин жолуна айланган. Баңгизат соодагерлери тоо арасындагы кууш жолдор аркылуу туруктуу катташат же айлыгы аз чек арачыларды паралашат”, - деп жазат автор Робин Диксон.

Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан шаарынын жанындагы ооган күчтөрү, 4-июль 2021-жыл.
Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан шаарынын жанындагы ооган күчтөрү, 4-июль 2021-жыл.

Ошондой эле макалада Орусия узак жылдан бери экстремисттердин жана баңги заттын Борбор Азия чөлкөмүнө агылышына тынчсызданып келгени, орус күчтөрү чек араны 2005-жылга чейин кайтарып турганы, Москва региондогу үстөмдүгүн дагы бир жолу көрсөткүсү келеири жазылган.

“Орусия регионду өзүнүн мыйзам ченемдүү саясий орбитасы деп көрөт. Вашингтон өз күчтөрүн чөлкөмгө жайгаштырууга үмүт артып жатканы тууралуу кабарлар тараган маалда Путин Американын Борбор Азиядагы жаңы аскердик аракеттерине каршы болчудай. Кошмо Штаттар 2001-жылдын 11-сентябрындагы террорчул чабуулдардан кийин “Талибандын” бийликтен кулатуу үчүн аскердик операциясын баштаганда Путин чөлкөмдөгү америкалык базаларга тоскоол болгон эмес. Бирок азыр Вашингтондун Орусия менен мамилеси өтө муздак”, - деп белгиленген “Вашингтон посттун” макаласында.

Америкалык аскерлер ооган жергесинен май айынын башында чыгып кете баштагандан бери “Талибан” кыймылы Ооганстандагы бир нече райондорду, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш бир топ аймактарды ээлеп алды. Миңден ашуун ооган аскерлери Тажикстанга кире качты. Расмий Душанбе ооган-тажик чек арасын бекемдөө үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураганы кабарланган. Узаган аптада орус бийлиги зарыл болсо Тажикстанга колдоо көрсөтүлөрүн билдирип, талибдер Борбор Азия өлкөлөрүнө коркунуч туудурбай турганын убада кылганын маалымдады. “Вашингтон пост” жазгандай, Москва куралдуу кармаш Ооганстандын чегинен чыкпаса, кийлигишпей турганын билдирүүдө.

Кумтөрдүн чуусу

Катардын “Аль-Жазира” телеканалы 9-июлда “Кыргызстан канадалык компания иштеткен алтын кенди улутташтыруу үчүн аракетке өттү” деп аталган макаласын жарыялады. Анда Кыргызстан менен канадалык “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы чыңалуу “акырындап кайнап бара жатканы” белгиленген.

“Кумтөр ишке киришкенден берки 30 жыл ичинде көпчүлүк үчүн өнүгүп келе жаткан дүйнөнүн эң чоң илдеттерин – коррупцияны, айлана-чөйрөнүн деградациясын жана неоколониалдык ач көздүктү символдоштуруп турат”, - деп жазат макаланын автору Агнешка Пикулицка-Вильчевска.

Ал май айында “Центерра” компаниясынын үстүндө “кара булут айлана баштаганы” анык болгонун, сот компанияга кен калдыктарынын мөңгү үстүнө төгүлүшү сыяктуу экологиялык маселелерге байланыштуу 3 миллион доллардан ашык доо койгонун, көп өтпөй парламент “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизүүгө макул болгонун, дооматтарды четке каккан “Центерра Голд” компаниясы эл аралык арбитражга кайрылганын эске салган.

Кумтөр алтын кени.15-июнь, 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени.15-июнь, 2021-жыл.

Макалада “Центерра Голд” компаниясынын директору Скотт Перринин кенди тартып алуу аракетине “жалган маалымат жана негизсиз айыптоолор” себеп болгону тууралуу пикири келтирилген.

Ошондой эле кыргызстандык изилдөөчү Асел Дөөлөткелдиева 30 жылдан ашык убакыттан бери кен иштетүүгө басым жасаган экономикалык моделди жана жаратыш байлыктарын иштетүү аракетин калктын көбү элитаны байыткан булак катары көрүп калганын белгилеген. Ал кен байлыктары иштетилгени менен анын жергиликтүү калктын турмушуна түз таасири тийбей жатканын айткан.

Макалада эколог Калия Молдогазиева Кумтөрдү иштетүүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине токтолгон.

“Ар кыл эсептер боюнча, Кумтөр иштетилип бүткөндөн кийин мөңгүгө төгүлгөн калдыктар 1,8 миллиард тонна болот. Ал ошол жерде кала берет жана табиятка таасирин тийгизет”, - деген Молдогазиева бул мөңгүлөрдүн суусу Борбор Азияны баккан Сырдарыяга чейин жетерин эскерткен.

“Аль-Жазира” өз макаласында президент Садыр Жапаров макулдугун берген пландын натыйжасында Кумтөр мамлекеттин колуна өтүп жатканын белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG