Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Орусия Ысык-Көлдө сабалган баланын абалынан кабардар экенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Твиттердеги расмий баракчасына Ысык-Көлдө спорттук машыгуу учурунда сабалган тогуз жаштагы баланын абалын байкоого алганын жазды.

"Орус улутундагы баланы Ысык-Көлдөгү спорттук машыгуу учурунда сабаган окуяны жакындан байкоого алдык. Буга чейин окуяны Министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов өз көзөмөлүнө алып, Балдардын укугу боюнча жооптуу өкүл Жыпар Рысбековага тапшырган", - деп жазылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, тогуз жаштагы бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда сабалган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен анын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Буга чейин Балдардын укугун коргоо лигасынын жетечиси Назгүл Турдубекова Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалганын жарыялаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG