Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Ысык-Көлдө спорттук машыгууга барган өспүрүм сабалды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусундагы спорттук машыгууда жүрүп токмок жеген баланын окуясын көзөмөлгө алып, тыкыр териштирүүнү тапшырды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуянын жагдайларын териштирип, зомбулукка жол берген тийиштүү органдарга укуктук баа берүү дагы тапшырылды. Министрлер кабинети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Билим берүү министрлиги толеранттуулук, сабырдуулук жана диний маданият боюнча профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү экенин белгилейт.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, тогуз жаштагы бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда сабалган. Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Буга чейин Kaktus.media Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалганын жазган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG