Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Министрлик: Кыргызстанда дельта штаммы катталган эмес


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча өлкө аймагында коронавирустун "дельта" (индиялык) штаммын жуктурган киши каттала элек.

Бул тууралуу «Профилактикалык медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 85,7% альфа жана 14,2% бета штаммдары катталган. Оморов коронавирустун жугушунун алдын алуу жана жеңил өткөрүү үчүн калкты 90% чейин эмдөө керек деди. Вирустун "дельта" штаммы тез жугуп, инкубациялык мөөнөтү кыска экени аныкталган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, соңку бир суткада коронавирус дагы 1319 адамдан аныкталды, он бейтап көз жумду. Ооругандар Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп. Өлкөдө коронавирус жуккандардын жалпы саны 137 миңден ашып, оору 2083 бейтаптын өмүрүн кыйды.

Бир күн аралыгында коронавирусту 29 медицина кызматкери жуктуруп алды жана илдетке кабылган дарыгерлердин саны 5 миңден ашты. Ооруканаларда азыр 4,5 миңден көп бейтап жатат жана алардын 200го чукулунун абалы өтө оор. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG