Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Милиция шайлоого байланыштуу күчөтүлгөн тартипке өттү


Бишкек. Милиция кызматкери. Архив.
Бишкек. Милиция кызматкери. Архив.

Бишкек, Токмок, Ош шаардык ички иштер башкармалыктары шайлоого байланыштуу 9-июлдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Өлкө боюнча 326 добушканаларда милиция санитардык эрежелердин сакталышына көмөктөшөт. Жалпы коомдук тартипти сактоо үчүн 3 миңден ашык кызматкер иштейт.

«Ички иштер министрлиги саясий процесстерге катышпайт жана кийлигишпейт, бардык саясий коомдук бирикмелерге бирдей мамиле кылат, бирок, эгерде мыйзам бузуулар жана укук бузуулар аныкталса, анда бардык фактылар катталып, мыйзам чегинде жоопко тартылышат”, - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда тең кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Парламенттеги айрым депутаттар жана “Улуттар Биримдиги” саясий партиясынын лидери Мелис Мырзакматов шайлоодо административдик ресурс колдонуу тыйылбай жатканын айтып чыгышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG