Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Түркмөнстанда жарандар милдеттүү түрдө эмделет


Расмий түрдө бир да адам COVID-19га чалдыкпаса да ,Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. Июль, 2020-жыл.
Расмий түрдө бир да адам COVID-19га чалдыкпаса да ,Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. Июль, 2020-жыл.

Түркмөнстанда жарандар коронавируска каршы милдеттүү түрдө эмделерин мамлекеттик маалымат каражаттары 7-июлда кабарлашты.

Бирок ал билдирүүлөрдө жарандарга кайсы вакцина сайылары так айтылган эмес. Июнь айынын соңунда түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кытайдын "Синофарм" вакцинасынын 1,5 дозасын сатып алуу боюнча жарлык чыгарган.

Январь айында Түркмөнстан орусиялык "Спутник V" жана "ЭпиВакКорона" вакциналарын каттоодон өткөргөн. Бирок Орусиянын өзүндө вакцина жетишсиз болгондуктан, Түркмөнстанга саналуу сандагы гана вакцина жөнөтүлгөн.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирусту жугузуп алгандар бар экенин пандемия башталгандан бери четке кагып келет. Расмий түрдө бул өлкөдө бир да адам COVID-19га чалдыккан эмес. Ошентсе да Түркмөнстанда санитардык эрежелер күчөтүлгөн. "Азаттыктын" түркмөн кызматы өлкөдө вирус жайылганын билдирип, ооруканалар толуп калган учурлар бар экенин кабарлап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG