Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Инандынын адвокаты Башкы прокуратурага кайрылды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыя кылган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлда Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыя кылган.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Сапат” билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инандынын Түркиянын чалгын кызматы тарабынан уурдалышы тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Ал Инандыны буга чейин бир канча жолу уурдоо аракети болгонун гана айтып, бирок уурдалып кеткен учурга токтолгон жок.

Ташиев тергөө иштери жүрүп жаткандыктан, Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу көп маалымат бере албасын билдирип, айрым жагдайларды гана ачыктады. Быйыл февраль айында Орхан Инандыны уурдап бараткан жерден сактап калышканын айтты:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Орхан Инандыны уурдоого аракет болуп жатканын билгенден кийин аны кабардар кылганбыз. Биз аны сактап калдык, алып кетип бараткан жерден кайра алып келгенбиз. Мен анын аялына жана кызматкерлерине бир ай мурун айткам. Алар Инанды февралда үч күн жоголуп кеткенин ырасташты".

Ошол эле учурда Камчыбек Ташиев февралда Орхан Инандыны кимдер уурдоого аракеттенгенин айткан жок. Алар боюнча кандай иш-чаралар жүргөнү ачык бойдон калды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров дагы Камчыбек Ташиев кышында Орхан Инандыны уурдоо аракетинен сактап калганын жарыялаган.

7-июлда өкмөт үйүнүн алдына митингге чыккан мугалимдин аялы Рейхан Инанды билдирүүлөргө мындай жооп кайтарган.

"Бул сөздү президенттен биринчи уктум. Орхан Инанды бул жылдын башында коронавирус болуп катуу ооруп, бир айдан ашык ооруканада жатты. Андан кийин эки ай кычкылтек менен дем алып, реанимацияга түштү. Мен андайды уккан эмесмин".

Ташиевдин айтуусунда, Орхан Инандыны 2015-жылдан бери бир канча жолу уурдоо аракети болгон. 2018-жылы чет өлкөлүк адам Кыргызстанда жашаган Түркиянын жаранын уурдоого аракет кылып жатканы тууралуу атайын кызматка маалымат түшкөн.

Оперативдик иликтөө иштеринен кийин ал адам Кыргызстандагы "Сапат" билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды экени белгилүү болуп, 2019-жылы 7-декабрда "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ташиев билдиргендей, быйыл февралдагы окуядан кийин укук коргоо органдары Инандыга коопсуздугу тууралуу эскертүү берген:

“Ооба, биз ар бир жарандын коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Бирок ар бир жаранга жансакчы бере албайбыз. Биз ага коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык сунуштарды бергенбиз. Ага жана башка бир канча адамга өлкөдөн чыгып кетсе жакшы болорун айтканбыз".

Шектенген адвокат, дайынсыз адам

Ал тапта адвокат Таалайгүл Токтакунова Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун Инандыны уурдоого тиешеси бар-жогун текшерүү үчүн Башкы прокуратурага кайрылды.

Токтакунова мугалимдин автоунаасындагы видеокөзөмөлгө түшүп калган адамдар ким экенин аныкташканын айтууда. Ал Башкы прокуратурага жазган арызына видеокөзөмөлдөгү балага окшош кийим кийген Арсен Айылчиев менен депутат Шайлообек Атазовдун бир дасторкондо чогуу отурган сүрөтүн тиркеген.

“Орхан Инандынын автоунаасынын видеокөзөмөлүнө түшүп калган баланын сүрөтүн жарыялаганда, ал Арсен Айылчиев экенин жазып жиберишти. Биз анын "Фейсбук" баракчасын карасак видеокөзөмөлгө түшүп калган сары футболканы кийип отурат. Жанында депутат Шайлообек Атазов бар. Атазов жакында Түркиянын ардактуу атуулун алды. Атазов кайсы эмгеги үчүн бул сыйлыкты алды? Биз бул маалыматты милицияга бергенбиз. Бирок милиция Инандыны өлтүрүп коюшу мүмкүн, чыгарбагыла деген. Инандыны Түркиянын президенти алып келдик дегенден кийин өмүрүнө корунуч жок деп, Башкы прокуратурага арыз жаздык”.

Таалайгүл Токтакунова айтып жаткан Арсен Айылчиев ушул жылдын 29-апрелинде "Фейсбуктагы" баракчасына сүрөт киргизген. Анда өзү, депутат Шайлообек Атазовдон тышкары жети адам тартылган. Арасынан Баткен Шернияз, Руслан Бекназаров, Урмат Бекболиевди көрүүгө болот.

Баткен Шернияз Арсен Айылчиевди тааный турганын, бирок ал дайынсыз болуп жатканын "Азаттыкка" маалымдады:

“Арсен деген жигитти тааныйбыз, бир райондон болобуз. Сүрөттө турган ошол жигит. Сүрөт чыккандан бери ал баланы таппай жатабыз. Телефонун албайт, эч байланышка чыкпай жатат. Досторуна дагы чалдырдык, үйүндө дагы жок. Ал бала бизди дагы кооптондура баштады. Өкүл атасынын айтымында, 11-июндан бери дайынсыз".

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Орхан Инандынын машинесинин видеокөзөмөлүнө түшүп калган сары футболкачан баланын сүрөтүн социалдык тармакка 9-июнда жарыялап, ким экенин табууга көмөктөшүүнү суранган.

Айылчиевдин өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Телефонго жана социалдык тармактан жазган каттарга жооп бере элек.

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Орхан Инандынын адвокатынын Башкы прокуратурага жазган арызын "каралоо" деп атады.

“Бул мени "каралоо" деп эсептейм. Далилденбеген куру жалаа үчүн аны сотко берсем болот. Менин балам ошол лицейде окуп, өзүм митингге чыгып, сессияда "тапкыла" деп маселе көтөрүп жүрсөм, кантип уурдалышына себепчи болом? Мен Орхан Инандынын уурдалышына эч кандай тиешем жок. Орозо учурунда ынтымак чай ичип жүргөн досторбуз. Ал баланы (Арсен Айылчиев - ред.) жакындан тааныбайм. Камерадагы балага кийими эле окшошпосо, такыр башка. Менин Түркиядан алган сыйлыгым ушул күнгө туш келип калды. Ошого байланыштырып жатышат".

Ал эми Камчыбек Ташиев Орхан Инандынын уурдалышына Жогорку Кеңештин депутатынын катышы бар экенине ишенбейт.

“Мен антип ойлобойм. Бизде кимдин тиешеси бар экени тууралуу кандайдыр бир маалымат бар. Бирок биздин өлкөнүн кызмат адамдары, уюмдары эмес. Биздин өлкөгө тиешеси бар-жогу дагы суроо”.

Инандынын эки паспорту

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө, Тергөө кызматы Орхан Инандыда Кыргызстандын жана Түркиянын паспорту болгон.

Милициянын маалыматында, Инанды 2012-жылы Кыргызстандын ID паспортун, ушул эле жылы жалпы жарандык паспортун алган. Кыргыз паспортунан сырткары Түркиянын паспорту болгон, анын мөөнөтү 2024-жылдын 23-сентябрында бүтмөк.

Түрк паспорту менен 2014-жылдан 2018-жылга чейин 27 жолу чет өлкөгө чыккан. 2018-жылдан кийин кыргыз паспортун колдонуп тогуз жолу чет жакка барып келген.

Учурда милиция Орхан Инандынын кыргыз паспортун алгандыгынын мыйзамдуулугун текшерип жатканын билдирди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Орхан Инандыда эки өлкөнүн паспорту бар экенин бүгүн гана билгенин, эгер Инанды Кыргызстанда болгондо кылмыш иши козголмок экенин айтты.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары менен Инандыга кирип чыгуу үчүн жолукканы маалым болду. Түркиянын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Кыран Орхан Инанды Түркиянын жараны экенин, бирок учурда кайда экенин билбей турганын айткан.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапташтары анын табылышын талап кылып бир нече ирет акцияга чыгышкан. 5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Кийинчерээк ага "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын "Анадолу" маалымат агенттиги жазып чыкты.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG