Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:11

Төрага: Инандынын окуясына укуктук баа берилиши керек


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орхан Инандынын Түркияда табылышына тынчсыздануусун билдирип, "кыргыз жаранынын Баш мыйзамда жазылган укуктары корголушу керек" деди.

“Кайсы улуттагы жаран болбосун анын коопсуздугу корголот. Качан жана кайсы учурда алып чыгып кеткени суроо болуп атат. Аны тактап, укуктук баа берилиши керек. "Мамлекет канчалык деңгээлде жарандардын укугун камсыз кыла алат?" деген суроо туулбашы керек эле”.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын укту.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Садыр Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG