Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Билим берүү министрлиги: "Сапат" өзгөрүүсүз иштей берет


Таластагы "Манас-Ата Сапат" лицейинин имараты.
Таластагы "Манас-Ата Сапат" лицейинин имараты.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, “Сапат” билим берүү мекемелери эч өзгөрүүсүз иштей берерин билдирди.

“Сапат” билим берүү мектептери мурдагыдай эле иштей берет. Анткени, мектеп Кыргызстандын аймагында жайгашкан, биздин балдар окуп, биздин мугалимдер сабак берип жатат”, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп жатат.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды.

Мурдагы "Себат", азыркы "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен 2017-жылы "Сапат" болуп өзгөргөн мекеменин башкаруу формасына бир катар алымча-кошумчалар киргизилген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG