Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Бажычы Айтмаматов 74 млн. сом төлөп абактан чыкты


Нурбек Айтмаматов.
Нурбек Айтмаматов.

Бишкек шаардык сотунун 1-июлда чыгарган чечимина ылайык, “мыйзамсыз баюуга” шектелген Мамлекеттик бажы кызматынын Түштүк-Батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматовдун бөгөт чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыкты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик чыгым катары аныкталган 100 млн. сомдун 74 млн. 517 миңин төлөп берген.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 12-июнда карап, 10-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында калтырган.

УКМК Нурбек Айтмаматовду 10-июнда камакка алып, ага “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен айып койгон. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, ал "бажыда товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган".

Жемкорлуктун натыйжасында жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батир, бир миллион долларга бааланган 10дон ашуун автоунаа алганы айтылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG