Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

"Анадолу": Инандыга террордук уюмду негиздеген деген айып коюлду


Орхан Инандынын тарапташтырынын Бишкектеги акциясы. 2021-жыл, июнь.

6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги Орхан Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын жазды. Ошондой эле 2001-жылдан бери Гүлен кыймылынын Кыргызстандагы жооптуу кишиси болгону аныкталганын билдирди.

Маалыматта Инанды ByLock телефон тиркемесин пайдаланганы, Түркиядан Кыргызстанга качкан уюмдун мүчөлөрүнө башпаанек сураганы айтылат. Андан сырткары уюмдун жогорку даражалуу 25 мүчөсүнө Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алып бергени аныкталды деп жазылган.

Кыргызстандын паспортун алгандардын арасында Түркияда "террордук уюм түзүү" беренеси менен издөөдө жүргөн Мустафа Өзжан менен Али Челиктин да ысымдары аталган.

Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

Ал 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. Ошол эле учурда Түркиянын жарандыгынан да баш тарткан эмес. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал кантип жарандык алганы иликтенип жатканын кабарлады.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

ТИМ буга байланыштуу Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG