Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Токон Мамытов Инандыны кайтаруу боюнча түрк акыйкатчысына кайрылды


Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды кармалганы тууралуу айтып жатат. Түркия. 5-июль, 2021-жыл.
Режеп Тайып Эрдоган Орхан Инанды кармалганы тууралуу айтып жатат. Түркия. 5-июль, 2021-жыл.

Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов чет өлкөлүк атайын кызмат тарабынан уурдалган кыргыз жараны Орхан Инандыны кайтарып берүү талабы менен Түркиянын омбудсменине кайрылды. Мамытов бул маалыматты "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында билдирди.

"Ал биздин жаран. Анын өзүнө барып жолугуп, жайын билип, сурап, анын укугун коргоп берүүсүн, биздин жаран катары аны мекенине кайтарууга жардам берүүсүн сурадым. Ал эми бийлик нота менен гана чектелбей, аны "алып кеткен жериңерге сак-саламат кайтаргыла" деп талап кылышыбыз керек".

Токон Мамытов Түркиянын атайын кызматы кыргыз жарандыгын алган Орхан Инандыны уурдап кеткенин сынга алды. Ошондой эле, эл аралык мыйзамдарды, жалпы адам укугу, саясий укуктар боюнча БУУнун декларациясындагы талаптар бузулганын белгиледи.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган.

Теги түркиялык Орхан Инанды 2012-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG