Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:50

Эмомали Рахмон күйөө баласын Түркияга элчи кылды


Тажик президентинин күйөө баласы Ашрафжон Гулов.
Тажик президентинин күйөө баласы Ашрафжон Гулов.

Эмомали Рахмон күйөө баласы Ашрафжон Гуловду Тажикстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кылып дайындады. Тийиштүү жарлыкка президент кол койгонун "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлады.

Ал президенттин жарлыгы менен кызматынан бошотулуп, пенсияга узаган Махмадали Ражабиендин ордуна барды.

Ашрафжон Гулов – Тажикстандын мурдагы энергетика жана өнөр-жай министри Гул Шералинин уулу. Буга чейин ал Салык комитетинде, Улуттук банкта жана Тажикстандын Бельгиядагы элчилигинде иштеген.

Ашрафжон Гулов 2014-жылдан бери Тажикстандын Орусиядагы башкы консулу болуп турган. Ал президент Рахмондун бешинчи кызы Парвина Рахмоновага үйлөнгөн.

Президент Эмомали Рахмондун жети кызы, эки уулу бар. Анын улуу баласы Рустам Эмомали тажик парламенттинин жогорку палатасы саналган Милли Мажилистин төрагасы жана Дүйшөмбү шаарынын мэри. Улуу кызы Озода Рахмонова президенттин аткаруу аппаратынын жетекчиси болуп иштейт. Анын күйөөсү Жамолиддин Нуралиев Тажикстандын Улуттук банкынын төрагасынын биринчи орун басары.

Рахмондун дагы бир күйөө баласы Шамсулло Сохибов Тажикстандагы көп тармактуу "Фароз" компаниясынын кожоюну. Президенттин бир тууган кайниси Хасан Асадуллозода Тажикстандагы эң ири "Ориенбанкты" жетектейт.

XS
SM
MD
LG