Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Орхан Инандынын уурдалышына жол бергендердин жоопкерчилиги каралат


Орхан Инандыны табууну талап кылган акция. Июнь, 2021-жыл. Бишкек шаары.
Орхан Инандыны табууну талап кылган акция. Июнь, 2021-жыл. Бишкек шаары.

Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч түзүмдөрүнүн маалыматын угуп, “Инандынын жоголушу тууралуу 17-июндагы токтомдун аткарылышы жөнүндө” токтом долбоорун кабыл алды.

Ал долбоордо Орхан Инандынын башка өлкөгө тымызын алынып кетишин алдын албаган күч кызматтарынын тийиштүү жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо жана Инандыны өлкөгө кайтаруу боюнча чаралар жазылган.

"Сапат" билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Садыр Жапаровго төрт жолу кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга "Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени" үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик "Анадолу" маалымат агенттиги жазды. (TSh)

XS
SM
MD
LG