Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Бишкекте Инандынын тарапташтары үнсүз акция өткөрүштү


Орхан Инандыны кайтарып келүү талабы менен өткөн акция. Бишкек. 7-июль, 2021-жыл.
Орхан Инандыны кайтарып келүү талабы менен өткөн акция. Бишкек. 7-июль, 2021-жыл.

Түркиянын атайын кызматтары уурдап кеткен Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны кайтарып келүү талабы менен бүгүн, 7-июлда Бишкектеги эски аянтта үнсүз акция өттү. Ага катышкандар колдоруна "Президент мырза, Орхан Инандыны кайтарыңыз", "Инанды Кыргызстандын жараны" жана башка талаптар жазылган плакаттарды кармап турушту.

Акциянын катышуучуларынын бири, "Сапат" билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүсү Зульфия Абдиева чет өлкөлүк атайын кызмат тарабынан кыргызстандык жаран уурдалып жатканы ар бир кыргыз жараны үчүн кооптуу деген пикирин билдирди:

"Бул ар бирибиздин коопсуздугубуз үчүн коркунучтуу белги болуп жатат. Бүгүнкү күнү мен өзүмдүн өмүрүмдөн да кооптоно баштадым. Мындай белгилүү инсанды чет өлкөгө уурдап кетип атышса, карапайым адамдарга эртең эмне болот?".

Орхан Инанды 1-июнга караган түндөн бери дайынсыз жок болуп жаткан. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан.

5-июль күнү аны атайын кызмат Түркияга алып келгенин түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган элге кайрылып жатып билдирген. 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Анкарага нота жиберген. Анда Инанды Кыргызстандын жараны экени жазылып, Түркиянын аракети "Адам укугу боюнча жалпы декларация жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты одоно бузат" деп белгиленген.

Нотада ошондой эле Орхан Инандыны кыргыз жараны катары мекенине кайтарууга, анын укугун коргоого бардык күч-аракеттер жумшала турганы жазылган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG