Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Тажикстан 600дөй ооган аскерин мекенине жөнөттү


Ооган-тажик чек арасы.
Ооган-тажик чек арасы.

Тажикстан 6-июлдан бери 600дөй ооган жоокерин төрт учак менен кайра Ооганстанга жөнөттү. Бул тууралуу Тажикстандын тартип коргоо органдарындагы булак "Озоди" радиосуна билдирди. Маалыматка ылайык, "Талибан" кыймылы менен куралдуу кармаштардан улам Тажикстанга чегинген 130 ооган аскери отурган акыркы учак Куляб аэропортунан 7-июлда эртең менен учуп кетти.

Тажик бийлиги азырынча өлкөдө Ооганстандын канча аскердик кызматкери бар экенин так билдире элек. Куляб аэропортунун расмий өкүлдөрү ооган күчтөрүн артка кайтаруу маселеси боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Тажик коопсуздук күчтөрүндөгү булактар Reuters жаңылыктар агенттигине ырастагандай, жакынкы күндөрү дагы 300дөй ооган аскери мекенине жөнөтүлгөнү турат.

Талибдер америкалык аскерлер ооган жергесинен чыга баштагандан бери чабуулдарын күчөтүп, соңку апталарда Ооганстандын Тажикстанга жана Өзбекстанга чектеш бир топ райондорун басып алды. Мындан улам жүздөгөн ооган аскер кызматкерлери Тажикстанга кире качты.

"Озоди" радиосу байланышкан бир дарыгердин айтымында, учурда Тажикстандын Жайхун районундагы ооруканада оор жараат алган кеминде үч ооган жоокери дарыланып жатат.

Ал арада орусиялык аскердик кеңешчилерден турган топ Дүйшөмбүгө келип, ооган-тажик чек арасындагы абалга көз салганы жатканын Тажикстандын Коргоо министрлигиндеги булактар билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG