Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:35

Орусияда тоноого айыпталган кыргызстандыктар акталды


Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги.
Орусиядагы Кыргызстандын элчилиги.

Санкт-Петербург шаарынын тургунун тоногон деп шектелген кыргызстандык үч жаранды аталган шаардын Фрунзе райондук соту актады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда, аларды сот иштин курамында кылмыш жоктугуна байланыштуу актап, сот залынан бошотту.

Тоноого шектелген кыргызстандыктар 2020-жылдын февралынан бери камакта отурган.

Элчилик кыргызстандыктардын акталышында алардын адвокаттарынын кесипкөйлүгү жана жигердүү ишинин натыйжасы деп белгиледи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет жакта үч миңге чукул жаран кылмыш жазасын өтөп жатканын, алардын басымдуу бөлүгү Орусияда экенин маалымдаган. Ал эми бул өлкөнүн расмий органдарынын статистикасы боюнча, Орусияда кылмыш ишине кириптер болгон кыргызстандыктардын саны үч миңге чукулдайт.

Орусиянын Федералдык жаза өтөө кызматы абактарда Тажикстандын, Өзбекстандын жана Кыргызстандын 29 миңден ашуун жараны кылмыш жазасын өтөп жатканын билдирген. Алардын арасында акыркы эки жылда терроризм, экстремизм жана Орусияда тыюу салынган диний агымдарга үгүттөө үчүн соттолгондор көбөйгөнү белгиленген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG