Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:59

Орусия: вирустан өлгөндөр жогорку чекке жетти


Орусия. Июль, 2021-жыл.
Орусия. Июль, 2021-жыл.

Орусияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны экинчи күн катары менен буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку чекке жетүүдө. Бир күндө эле 737 адам көз жумду. Коронавирустун "дельта" штаммы Түштүк Корея, Австралия жана Зимбабве мамлекеттеринде да күндөн-күнгө жайылып барат.

Москва бийлиги билдиргендей, 6-июлда вирустан 737 адам көз жумду. Коронавирусту жугузуп алгандардын саны соңку бир ай ичинде эки эсеге жогорулап, 23 миңге жетти.

Москванын түштүк-чыгышындагы «Садовод» деп аталган базарда бийлик атайын чатырчаларды тигип, мигранттарды эмдей турган пункттарды уюштурду. Азырынча аларга «Спутник Лайт» вакцинасын сайып жатышат.

«COVID-19 абдан жайылып жатат. Ошондуктан вакцина алайын деп чечтим. Жаңы эле эмделдим»,-дейт Өзбекстандан келген Үсөнбай.

Вакцина мигранттар үчүн бекер эмес, 1300 рубль турат. Бул акчаны мигрантка иш берүүчү төлөш керек. Ишкерлерде башка тандоо жок. Мигранттардын көбү кафе-ресторандарда тейлөө кызматтарында эмгектенишет. Жакында эле Москва мэри Сергей Собянин тамактануучу жайларда иштегендерди милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүүнү буйруган. Мигранттардын айрымдары өз каалоосу менен вакцина алууну туура көргөнүн айтышууда. Алардын бири өзбекстандык Лобат:

«Өзүбүздүн ден соолугубузду ойлоп жатабыз. Үй-бүлөбүз, бала-бакырабыз оорубасын деп вакцина алдык».

Коронавируска каршы вакцина алуу үчүн кезекте турган мигранттар. Москва. 26-июнь, 2021-жыл.
Коронавируска каршы вакцина алуу үчүн кезекте турган мигранттар. Москва. 26-июнь, 2021-жыл.

Собяниндин эсебинде, тамактануучу жайларда иштегендердин 60% мигранттар түзөт. Мэрдин буйругуна ылайык, соода жана тейлөө тармактарында иштегендердин баары милдетүү түрдө 15-июлга чейин вакцинанын биринчи дозасын, ал эми 15-августка чейин экинчи дозасын алышы керек.

Көптөрү узун кезектен улам эмделүүгө үлгүрбөй жатканын айтышууда. Мындан улам Өнөр-жай жана соода министрлиги, тейлөө тармагында жана тамактануучу жайларда иштегендер кезексиз эмделерин билдирди.

Ал арада Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги чет жактан келгендер үчүн эпидемиологиялык эрежелер өзгөргөнүн жарыялады.

7-июлдан тартып, эмделбегендер жана жакынкы убакытта коронавирус менен ооруй электер Орусияга барары менен үч күн ичинде тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыкмайынча көчөгө чыкпай, обочолонуусу зарыл.

COVID-19га байланыштуу оорлогон абал жана жаңы эрежелер Орусияда жашап, иштеген кыргызстандыктарга кандай таасир этти? Талкуунун аудиосун бул жерден уксаңыз болот:

"Дельта" кулачын жайууда

"Дельта" демекчи, вирустун ушул вариантынын айынан Австралиянын Сидней шаарынын жашоочуларына зарыл иштери болсо гана көчөгө чыгууга уруксат берген чектөө дагы бир жумага узартылганын бийлик 7-июлда жарыялады. Калаада коронавирустун бул түрү 30га чукул адамдан чыккан. Өлкөнүн чоң шаарында чектөөлөр эки апта мурда киргизилген.

Түштүк Кореяда дагы рекорддук көрсөткүчтөр катталууда. Бийлик 7-июлда билдиргендей, соңку бир суткада вирус 1200 адамдан табылган. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Бул сандар бийликти тынчсыздандырууда, анткени өнүккөн мамлекеттердин катарына киргенине карабастан, Түштүк Кореяда вакцинанын биринчи дозасын болгону калктын 30% гана алган.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздандыруу министрлиги билдиргендей, коронавируска кабылгандардын саны өсө берсе, социалдык дистанцияны сактоо эрежелери күчөтүлөт.

"Өкмөт азыркы эрежелерди бир аптага чейин кармап турат, эгер коронавирусту жугузуп алгандардын саны бүгүнкүдөй боло берсе, бийлик Сеулда карантин чараларын күчөтөт. Азырынча беш жана андан көп адам чогулууга уруксат",- деди министрликтин өкүлү Ли Ки Ил.

Соңку жумаларда Зимбабведе түнкүсүн коменданттык саат киргизилип, иш сааттары кыскартылды. Шаар аралык каттамдарга тыюу салынганына карабастан инфекция жайылгандан жайылып барат.

Бийлик калкты үйдө отурууга чакырып, ишке атайын уруксаттын гана негизинде чыга аларын эскертти. Зимбабве Африкадагы 14 мамлекеттин ичинен коронавирустун "дельта" түрү эң тез жайылып жаткан өлкөлөрдүн бири.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG