Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Вирус күчөгөндө эс алгандар көбөйдү


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Ысык-Көлдө эс алуу жайлары эпидемиологиялык кырдаалдан улам толук ачыла элек. Бирок эс алуучулардын агымы күн санап өсүп, алар бош орун таппай убара болуп жатканын айтып жатышат.

Курорттук райондун 60 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмү коронавируска чалдыккандарга толуп, эки айылда кошумча стационарлар ачылды.

Быйыл жайдын башталышы менен аба ырайы тез ысып, борбордон салкын жакка кеткендер көбөйдү. Бишкектиктердин көпчүлүгү Ысык-Көлгө барып жатышат. Жумуштан өргүүгө чыгып, Чолпон-Атага келген Алфия Медерова бир күн бою бош орун таппай убара болгонун айтып берди:

"Биз жылда келип жүргөн пансионат иштебейт экен. Мен балдарым менен келип алып издеп жүрөм. Бош орун жок, күндүн ысыгында да ушундай болобу? Жөн эле үйлөргө баралы десек, аларда көл жээги жок, өзүнчө төлөп кириш керек".

Кымбат Аскарбек кызы жайында эс алуучулар көп каттаган Бостери айылында чакан конок үй иштетет. Күйөөсү Марат менен акыркы үч жылдан бери чет элдик эс алуучуларды кабыл алып келет:

"Экөөбүз тең Бостеридеги пансионатта иштедик. Акча топтоп жүрүп ушул конок үйүн ачканбыз. Үч жылдан бери иштетип атканбыз. Биринчи, экинчи жыл жакшы өттү, чет элдиктерге ылайыктуу болгондуктан, Европадан келгендер көп болду. Украиндер, орустар тынбай келип атты. Былтыр болсо киши тосуп аттык, бирок сырттан келгендер дээрлик болгон жок. Айла жок иштегенге туура келди, насыя алып алганбыз. Ичинин баары жаңы бойдон турат, интернеттен карап отуруп интерьерди да, дизайнын дагы өзүбүз окшоштурдук".

Быйыл Кымбат менен Марат конок үйдү жайкы сезонго даярдаган жок. Алар оорудан чочулап, эс алуучуларды кабыл албай турган болду.

"Негизи, сырттан келген эс алуучуларга ылайыкташканбыз. Былтыр деле пандемия шартында иштедик, себеби кредит төлөш керек болду. Бул жылы ачылбайбыз деп чечтик, азыр шартты көрүп атасыңар. Анын үстүнө бизге келип жүргөн эс алуучулар баарын интернеттен окуп-билип, көрүп атышат, алардын көбү келбей турган болушту. Мисалы, июнь айы толук болчу, алдын ала акчасын төлөп коюшкан, алар кайра келбейбиз деп, биз акчаларын кайтарып бердик. Августка албай туралычы дегенибиз туура болгон экен. Жергиликтүүлөр биздин бааны көтөрө алышпайт, кымбат болуп калат. Анын үстүнө бир эс алуучубуз ооруп калса ага ким жооп берет? Аны он күн бекер багыш керек, андан бизге, башка конокторубузга да жукса, ошол жаман. Андан көрө тынч эле отуралы деп атабыз".

Ысык-Көл районундагы айрым пансионаттарда бир күндө миң киши эс алса болот. Алардын арасында Кош-Көл айылындагы “Радуга Вест” эс алуу жайы да бар. 200 кишини кабыл ала алган бул борбор эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, иштегенге аргасыз болуп турганын жетекчинин орун басары Элза Маркабаева билдирди:

"Бизде район жетекчилиги жана санитардык кызмат көрсөткөн бардык шарттар аткарылды. Бир эс алуучу ооруп калса, аларды өзүнчө дароо бөлгөнгө изолятор дагы бар, санитардык эрежелерди да сактоо менен мезгилге даяр болдук. Бизге жакынкы үч айылдан бери келип иштеп, үй-бүлөсүн баккандардан 70 киши бар. Эгер биз эпидемиологялык абалдан коркуп ачылбай койсок, бул үй-бүлөлөрдүн киреше булагы токтоп, балдары багылбай калат. Ошондуктан, ишти баштап атабыз, ден соолукка да пайдалуу суу, баткак жана бассейндер бар".

Ысык-Көл районунда жалпы 191 пансионат, эс алуу жайлары жана чакан конок үйлөрү жайгашкан. Жылдагыдан айырмаланып, быйыл алардын 50% ишке даяр экенин билдире элек. Мындан 2-3 жыл мурун бул конок үйлөр июнь айынын экинчи жарымында эле толук даярданып, эс алуучуларга эшигин ачып калган. Район акими Калыбек Жумадылов быйыл даярдыктардын кечигишин минтип түшүндүрдү:

"Быйыл биз сезонго даярдык боюнча отурум өткөргөнүбүздө, пансионаттардын 20 эле пайызы сезонго даяр экенин билдиришти. Калганы "азырынча кооптонуп турабыз, ачылбай да калышыбыз толук ыктымалә деп жооп беришти. Айрымдары аймагын да тазалай элек. Биз эми гана айыл өкмөттөргө тапшырма берип, ишти баштайлы, ачылбаган пансионаттарды карап, бир сыйра сүйлөшкөнү турабыз. Ачылгандары менен иш алып барабыз, алар санитардык эрежелерди толук сакташы керек, талап аткарылбаса, ооругандар көбөйөрүн билип турабыз".

Былтыр жайында орун табылбай калган Ысык-Көл райондук жугуштуу оорулар бөлүмү быйыл да толуп калды. Бейтапкана кышында ремонттолуп, мурда он кишиге ылайыкташкан бөлүм 60 орунга көбөйгөн. Бирок ал жерде орун дале жетишпей, башка эки айылда стационар ачылганы турат.

"Биздин райондо эпидемиологиялык кырдаал оор. Азыр эки кызыл зона ачып атабыз. Бири - Чолпон-Атадагы кургак учукка чалдыккан балдарды реабилитациялоо жана калыбына келтирүү борбору, ага 80 бейтапты жаткырып, дарыласак болот. Экинчиси - Ананьев айылындагы оорукана алдында ачылган кызыл зона. Мында азыр үч бейтап бар, негизи 15 бейтапка ылайыкташкан шарттар бар. Биз кооптонуп турабыз, кантсе да элдин саламаттыгын биринчи орунга коюшубуз керек",- деди Калыбек Жумадылов.

Жылда Ысык-Көлгө келип, эс алып кеткендердин саны миллиондон ашып келген. Былтыр бул көрсөткүч эки эсе кыскарды. Акыркы сутка ичинде Кыргызстанда 1233 адамдан коронавирус аныкталып, сегиз киши бул илдеттен каза болду. Ооруканаларда ушул тапта төрт миңден көп бейтап жатат жана 170тен ашыгынын абалы өтө оор. Коронавирус жуккан 12 миңден ашык киши үйүнөн дарыланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG