Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

"Вакцинанын ооруга каршы таасири болот"


Бишкектеги коронавируска каршы эмдөө учуру.
Бишкектеги коронавируска каршы эмдөө учуру.

Акыркы күндөрү коронавируска каршы эмделгенден кийин деле вирус жуккан учурлар катталууда. Буга эмне себеп болот? Вакцина вирустан 100% коргойт деген кепилдик барбы? Эмделген адам башкаларга вирус жуктурабы же жокпу? Ушул жана башка суроолор коомчулукта кызуу талкууланып келет.

Ourworldindata.org сайты дүйнөдөгү коронавируска каршы эмдөөнүн картасын чыгарды. Ага ылайык, Кыргызстан 160-орунда турат. Аталган сайт өлкөдө 29-мартта эмдөө өнөктүгү башталгандан бери 173 700 адам эмделгенин көрсөтүп жатат.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 120 миңден ашуун киши вакцинанын эки дозасын тең алганын кабарлады.

Дүйнөдө жалпы үч миллиарддан ашуун адам эмделди. 344 миллиондон ашуун атуулу эмделген Индия биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда АКШ турат, бул өлкөдө 329 миллион киши эмделди. Вакцина сайдыргандан кийин вирус жуктурган бейтаптар да катталууда. Ушундан улам коомчулукта "вакцина оорудан анчейин коргобойт экен" деген имиштер таркап жатат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун пульмонологу, коронавирусту дарылоо боюнча илимий топтун мүчөсү Динара Кабаева өзү дарылаган бейтаптардын экөө кытайдын Sinopharm, бирөө "Спутник V" вакцинасын сайдыргандан кийин вирусту жуктурганын айтат.

"Азырынча эмделгенден кийин вирус жугуп калган үч бейтапты дарылап жатам. Мен билгенден ушул үчөө эле болууда. Алардын экөө кытайдын Sinopharm вакцинасын сайдырыптыр, бирөө "Спутник V" алган экен. Баарынын оорусу жеңил өтүп, кыйналышкан жок. Алар азыр айыгып калышты. "Вакцина 100% вирустун коргойт" деп мен так кесе айта албайм. COVID-19 өзү жаңы инфекция болуп, анын вакцинасы өтө шашылыш чыкпадыбы. Кандай болгон күндө да вируска каршы эмделүү зарыл. Себеби, бул вирус сасык тумоодой эле генетикалык түзүлүшүн улам өзгөртүп жатпайбы. Бир түрү чыкса, дагы башка түрү мутация болууда. Маселен былтыр коронавирустун бөлөк штаммы жайылган, быйылкысына көп окшошпойт. Ушундан улам эмдөөдөн баш тартуу акылга сыйбайт. Баары бир вакцинанын ооруга каршы таасири бар".

Эмделгенден кийин вирус кантип жугат?

АКШда чыккан Массачусетс университетине караштуу New England Journal of Medicine басылмасы коронавируска каршы эмделип, бирок ооруну жуктургандарда вирустун белгилери өтө аз кезигерин жазды. Ошондой эле, вирустан кыйналып, ооруканага жатып калган бейтаптар өтө аз экенин билдирди. 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын апрель айына чейин вируска каршы Pfizer жана Moderna вакциналарын сайдырган 204 адам байкоого алынган. Алардын ичинен айрымдарына коронавирус жугуп калып, бир нече күн эле оорунун белгилерин сезишкенден соң жакшы болуп кетишкен.

Вакцина сайдыргандан кийин эмнеге жана кантип адамга коронавирус жугуп калышы мүмкүн? Бул суроого Бишкек шаарындагы Ленин райондук бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы доктурунун орун басары Жумакан Акунова мындайча жооп берди:

"Мисалы, вакцинанын биринчи дозасын сайдык дейли. Кийинки экинчи дозасы менен эмдегичекти дагы 21-28 күн өтүшү керек. Дал ушул экинчи дозаны алгандан кийин вируска каршы иммунитет иштелип чыгат. Ушул эки дозанын ортосундагы үч жуманын ичинде ооруну жугузуп алгандар болуп жатат. Бирок, вакцина сайдыргандан кийин ооруп калгандар вирустан оңой айыкканы далилденди. Ал эми "вакцинаны мен албайм, такыр эле пайдасы жок" дегендерге биз каршыбыз. Себеби, азыркы жаңы чыккан оору, пандемия менен күрөшүүнүн эң эле таасирдүү жолу - ага каршы эмделүү. Азыркы тапта элдин арасында социалдык медиа аркылуу "эмделбегиле, бул зыян экен, эмделгенден кийин өлүп калып жатат, магнит же чип тагып коет" деп, тескери үгүттөө көп болууда. Мындай сөздөргө ишенбеш керек".

"Вакцина адамзатты кырылуудан сактайт"

Коронавирустун вакцинасын дүйнө илимпоздору иштеп чыгып жатканда эле анын 100% оорудан коргой турган таасири бар экенин кепилдеген эмес. Аны өндүргөн компаниялар кыска мөөнөттүк байкоолордон кийин ар кандай жыйынтык чыгарышкан. Маселен азыркы тапта Европа менен АКШда кеңири колдонулуп жаткан Pfizer-BioNTech жана Moderna вакцинасы вируска каршы 95% таасирдүү деген тыянак бар. Оксфорд университети чыгарган AstraZeneca вакцинасынын таасирин болжол менен 70% деп эсептешти. Орусиянын "Спутник V" вакцинасы 91,4%, Кытайдын Sinopharm вакцинасы 91,25% таасирдүү экени аныкталды.

Бишкектеги "Гиппократ" медициналык борборунун башкы дарыгери Султан Жетешиков эмдөөнүн аркасы менен адамзат буга чейин болуп келген бир катар оор инфекциялык илдеттерден кутулганын эске салды.

"Адамзат эмдөөнүн аркасы менен бир топ инфекциялык оор илдеттерден кутулган. Кургак учук, дифтерия, безгек, тубаса шал оорусу, кептер, менингит, энцефалит сыяктуу оор жугуштуу дарттардын баарын артка таштадык. Ушул сыяктуу ооруларга каршы эмдөө болбосо адамзат кырылып калат болчу. Азыр медиадагы эмдөөгө каршы маанай туура эмес деп ойлойм. Мурда теле, радио, гезит эле болуп, маалыматты ар түрдүү туура эмес нукка буруу дээрлик жок эле. Азыр түрдүү булактардан туура эмес нерселер тарап, кишилердин башын айлантып жатышат. Бир чети вакцина өндүрүүчүлөр ортосундагы кызыкчылыктардын кагылышы да чоң роль ойноодо. Маселен бир ай мурда эле Индияда эл коронавирустан кырылып жатпады беле. Жапырт эмдөөдөн кийин оору басаңдап калбадыбы. Америкада деле ушундай көрсөткүч өкүм сүрдү. Байкасаңар, кайсы өлкөнүн эли жапырт эмделсе, ошол өлкөдө вирус азайып жатканын көрсө болот. Кыргызстан да ошондой жапырт эмдөө деңгээлине жетиши керек".

Кыргызстанда азыркы тапта 18 жаштан жогору бардык каалоочулар эмделип жатат. Республикалык иммунопрофилактикалык борбордун маалыматы боюнча, Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза вакцина 15-июлга чейин келиши күтүлүүдө. Ал арада АКШнын федералдык фармакология агенттиги сентябрдан тарта Pfizer вакцинасы менен беш жаштан 11 жашка чейинки балдарды коронавируска каршы эмдөө боюнча клиникалык тажрыйбаларды жүргүзүп, чечим чыгаруу алдында турат.

Эмдөөгө кантип даярдануу керек?

Дарыгерлер коронавирус менен ооруп айыккан адамдын антиденечеси беш деген көрсөткүчтөн кем болсо, эмделүү шарт экенин эскертишүүдө.

Эмделердин алдында дарыгерлер адамдын кан басымын текшерет. Эгерде кан басымы жогору же төмөн болсо, аны калыбына келтире турчу препараттар берилгенден соң вакцина алышат. Доктурлар эмделген жерге үч күндөй суу тийгизбей, алкоголдук ичимдик ичпей, беткап тагынып, аралыкты сактап, коронавирустан кадимкидей эле коргонууну сунушташат.

Өнүккөн өлкөлөрдө эмделген адамдарды аныктай турган бирдиктүү электрондук сертификаттар берилип жатат. Кыргызстанда бул маселе 6-июлда каралып, уюлдук операторлордун өкүлдөрү менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.

6-июлга карата өлкөдө 1233 адамдан коронавирус жаңы аныкталып, сегиз бейтап көз жумду. Июль айынын алгачкы алты күнүндө эле вирус 53 кишини алып кетти.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG