Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:54

Депутат мыйзамдагы "иджара, мунтахийя, биттамлик" деген сөздөрдү сындады


Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов Жарандык кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан жыйында “иджара, мунтахийя, биттамлик” деген сөздөрдүн кыргызча түшүндүрмөсүн жазуу керек экенин сунуш кылды.

“Кыргыз тилине түшүнүксүз терминдер кирип кетиптир. Алар “иджара, мунтахийа, биттамлик келишими” дейт. Бул эмне деген нерсе? Ушундай сөз керекпи?”, - деп эл өкүлү суроо салды.

Мыйзам демилгечилеринин бири депутат Айнура Осмонова бул ислам принциптери менен каржылоодо колдонулган эл аралык термин экенин түшүндүрдү. Осмонова мыйзамдагы мындай терминдерге кыргызча түшүндүрмөсүн жазуу сунушуна макул болду. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG