Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Гаитинин президентин үйүнөн атып кетишти


Гаитинин президенти Жовенель Моиз.

Гаитинин президенти Жовенель Моизди жеке менчик резиденциясында белгисиз адамдар атып кетишти. Президент жергиликтүү убакыт боюнча 7-июлга караган түнү болгон кол салууда мүрт кеткени белгилүү болду.

Гаитинин премьер-министри Клод Жозеф кол салууну "адамгерчиликсиздик жана жырткычтык" деп мүнөздөдү. Анын айтымында, президенттин жаракат алган жубайы учурда ооруканада жатат.

"Өлкөдөгү коопсуздукка байланыштуу кырдаал Гаитинин Улуттук полициясы менен Куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө", - деди Жозеф.

53 жаштагы Жовенель Моиз 2017-жылы мурдагы президент отставкага кеткенден кийин бийликке келген. Анын президенттик мөөнөтү жемкорлукка байланыштуу айыптоолор жана өкмөткө каршы демонстрациялар менен коштолду.

Оппозиция аны өлкөдө диктаторлук режимди орноткусу келет деп айыптаган. Моиз мындай дооматтарды четке каккан. Гаитиде ушул жылдын аягында парламенттик шайлоо өткөнү жаткан.

Гаити Кариб деңизиндеги аралда жайгашкан. Соңку мезгилде бул өлкөдө экономикалык, саясий жана социалдык көйгөйлөр тереңдеп, баш калаа Порт-о-Пренсте кылмыштуу топтордун кол салуулары күчөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG