Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:01

Евробиримдик Венгрияны талаштуу мыйзамды артка чакыртууга үндөдү


Европа комиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.
Европа комиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдиги Венгрияны 7-июлда күчүнө кирген ЛГБТга каршы жаңы мыйзамын артка чакыртып алууга үндөдү. Европа комиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен Страсбургда Европарламенттин сессиясында сүйлөп жатып, бул мыйзам адам укуктарына каршы келерин белгиледи жана мыйзам артка кайтарылбаса Венгрияга чара көрүлөрүн эскертти. Бирок ал кандай чара экенин так айткан жок.

"Европа коомдун бир бөлүгүнүн кимдир бирөөнү жакшы көргөнү үчүн, же жаш курагына, улутуна, саясий көз карашына же диний ишенимине байланыштуу стигмага кабылышына эч качан жол бербейт. Себеби биз коомдун мүчөлөрүнүн жана жалпы коомубуздун эркиндиги үчүн бекем турарыбызды унутпайлы", - деди Урсула фон дер Ляйен.

Венгриянын парламенти карама-каршылыктуу бул мыйзамды өткөн айда жактырган. Документке ылайык, мектептерде гомосексуалдуулук, жынысты алмаштыруу темаларын талкуулоого тыюу салынат. 18 жаштан кичүү өспүрүмдөргө кумсалыкты пропагандалоого болбойт. Бул жоболор педофилия үчүн жазаны күчөтүү тууралуу мыйзамга камтылган. Сынчылар муну гомосексуалдуулукту балдарга каршы кылмыштарга теңөө аракети деп баалашат.

Акыркы кездерде премьер-министр Виктор Орбан "христиандардын салттуу баалуулуктарын Батыштын либералдуу идеяларынан коргойм" деп, консервативдүү, айрым учурларда адам укуктарын бузган аракеттерди күчөткөнү кабарланып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG