Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

10-июлдан тарта Орусияга кирүү тартиби өзгөрөт


Коронавируска каршы эмдөөгө кезек күткөндөр. Москва шаары. Июнь, 2021-жыл.
Коронавируска каршы эмдөөгө кезек күткөндөр. Москва шаары. Июнь, 2021-жыл.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги маалымдагандай, 10-июлдан тартып кыргызстандык жарандар ПЦР тесттин жыйынтыгын кол телефонундагы "Коронавирусу жок саякаттайм" деп аталган тиркеме аркылуу көрсөтүүгө тийиш. Тест Орусияга киргенге чейин 72 сааттын ичинде тапшырылышы керек.

Ал эми орусиялык жарандар өлкөгө киргенден кийин үч күн аралыгында ПЦР тест тапшырууга жана анын жыйынтыгы чыкканга чейин жашаган жеринде обочолонуп турууга милдеттүү.

Ал эми коронавируска каршы вакцина алган жарандар эмделгени тууралуу электрондук сертификатын көрсөткөн учурда ПЦР тест тапшырбайт.

Соңку маалыматтар боюнча 750 миңдей кыргызстандык Орусияда жүрөт. Мындан тышкары миграциялык эрежелерди сактабаганы үчүн 64 миңден ашуун кыргыз жараны "кара тизмеге" алынган.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына ылайык, мындан тышкары Орусиянын жарандыгын алган 600 миңдей кыргызстандык бар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG