Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Орус абагында жаткан Пол Уилан өзүн АКШ түрмөсүнө которууну өтүнөт


Пол Уилан сот залында, Москва, 15-июнь 2020-жыл.
Пол Уилан сот залында, Москва, 15-июнь 2020-жыл.

Орус абагында жаткан америкалык жаран Пол Уиландын жактоочулары сотко жаңы өтүнүч келтиргени жатышат. Алар Уиланды АКШдагы абакка которууну көздөп жатканын РИА жана ТАСС жаңылыктар агенттиктери америкалык жарандын адвокаттарын бири Ольга Карловага шилтеме кылып, жазып чыгышты.

"Уиланды Кошмо Штаттарга которуу боюнча Москва шаардык сотуна арыз даярдап жатабыз", - деп билдирген Карлова.

50 жаштагы Пол Уилан тыңчылыкка айыпталып, былтыр май айында 16 жылга абакка кесилген. Ал өз жазасын Орусиядагы шарты катаал деп мүнөздөлгөн, Мордовия аймагында жайгашкан №17 колонияда өтөп жатат.

Уилан айыптарды четке кагып, түрмөнүн сакчыларын начар мамиле кылып жатат деп айыптаган. АКШ бул ишти "адилеттүүлүктү бурмалоо" деп мүнөздөгөн.

Уилан АКШдан тышкары Британиянын, Ирландиянын жана Канаданын да жараны. Ал Америкадагы автоунаа тетиктерин саткан BorgWarner аттуу компаниянын глобалдык коопсуздук боюнча директору болуп иштеген. Мичиганда жашаган жана кезинде АКШнын деңиз флотунда кызмат өтөгөн.

2018-жылдын 28-декабрында Орусияда кармалып, ага "АКШнын атайын кызматтарынын пайдасына тыңчылык кылган" деген айып коюлган. Уилан Москвага үйлөнүү үлпөт тоюна гана келгенин айткан жана «бул иштин артында саясат турат, Орусия АКШнын санкциялары үчүн өч алууну көздөйт» деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG