Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:20

Орусияда коронавируска чалдыккандар бир айда эки эсе көбөйдү


Москвадагы оорукана, 2-июль 2021-жыл.
Москвадагы оорукана, 2-июль 2021-жыл.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда соңку бир сутка ичинде 23 378 адамдан коронавирус табылды. Бул соңку бир ай ичиндеги эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири. Июнь айынын башында Орусияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны бир күндө 9 миңдин тегерегинде болчу.

6-июлда Москвада COVID-19 илдетинен 737 бейтап көз жумду. Коронавирустун "Дельта" түрү жайылып жатканына карабастан орус бийлиги азырынча катаал карантин киргизилбей турганын билдирүүдө.

Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги туристтерге байланыштуу эрежелерди өзгөрттү. Ага ылайык, 7-июлдан тартып вакцина албаган же антителасы жок адамдар өлкөгө киргенден кийин үч күндүн ичинде тест тапшырып, анын жыйынтыгы чыккыча изоляцияда болушу керек.

Расмий маалыматка ылайык, пандемия башталгандан бери Орусияда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 6 миллионго чукулдады. 137 миң жаран COVID-19дан көз жумду. Адистер өпкөнү сезгентүүчү бул илдетке чалдыккандар расмий айтылгандан да көп болушу мүмкүн экенин билдирип келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG