Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

Ымыркайдын өлүмү, дарыгерлердин тиреши


Илюстрациялык сүрөт.
Илюстрациялык сүрөт.

Ак-Сууда ымыркайы чарчап калган аялдын жакындары дарыгерлерди кайдыгер мамиле жасады деп айыптап жатышат.

Алар "райондук оорукананын жетекчилигинин ич ара тирешинен улам, келин беш күн бою каралбай калган" деген доомат айтышууда. Дарыгерлер мындай билдирүү менен макул эмес. Ысык-Көлдө жыл башынан бери алты наристенин өлүмү катталып, төрөт учурунда бир эне каза тапкан.

Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 36 жаштагы тургуну Майрамбек Кожобековдун бүлөсү төртүнчү баласын күтүп жаткан. Анын айтымында, 4-июлда келинчеги Ирина Оспонбаева курсакта чарчап калган баланы толгоо тартып төрөгөн.

"Келинчегим экөөбүздүн үч балабыз бар. Бул наристебизди да аябай күткөнбүз. Негизи УЗИге барганыбызда, келинчегимди 20-июнда көз жарат деп тыянак чыгарып берген. Анда баланын өсүшү, колу-бутунун калыптанышы - баары жакшы болчу. Биз үйдө да Иринаны көп жумуш жасатпай, жакшы караганга аракет кылдык. Төрөй турган убагы келди, бирок толгоосу башталбай жаткандыктан, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна барсак, ал жактан УЗИге жиберген эле. Анын жыйынтыгы менен төрөт үйүнө барып жатты", - деди Майрамбек.

Теплоключенка айылындагы Ак-Суу райондук ооруканасынын төрөт бөлүмүнө 29-июнда түшкөн 35 жаштагы келин ооруканада беш күн жаткан. Бешинчи күн дегенде эсинен танып, абалы начарлай баштаганда дарыгерлер төрөтүн кабыл алат. Бирок бала ичинен эле тумчугуп калганын айтышкан. Майрамбек Кожобеков ымыркайдын чарчап калышына дарыгерлерди айыптап жатат:

"Бала чарчагандан кийин "аялың коронавирус болгон" деп айтышты. Мен буга чейин үч баланын атасы болдум деп жатпаймынбы. Төрөттүн алдында дарыгерлерге келип, чөнтөктөрүнө акча салып жүрчүмүн. Бул ирет чөп башталып, кол бошобой, келе албай жаттым. Келинчегиме чалсам, "дарыгерлер кире элек, карай элек" деп жатты. Толгоосу келип, бирок жанып кетип атты. Ошону менен беш күн кыйналды. Менин оюмда, дарыгерлер "булар акча бербейт" деп, жакшы көңүл бурушкан эмес. Беш күн кыйнабай операция жолу менен деле төрөтүп алса болмок. Ооруканага жатканына бешинчи күн дегенде, 4-июлда эс-учунан танып, жыгылып калганын тазалыкты караган жумушчулар көрүп калыптыр. Ошондо толгоо чакырган дары берип жатып, төрөтүшкөн. Аябай кыйналды, реанимацияга түшүп калды. Ымыркай чарчап калды. Бала төрөлөрү менен "аялың коронавирус экен" деп, дароо Караколго которуп жиберди. Бирок анда бир дагы белги байкалбай эле турат. Катуу ооруган адамдардын арасына кошуп жаткырып койду, ал мага чалып ыйлап жатат".

Ак-Суу айылынын жаштары бул окуяны уккандан кийин район акимине кайрылышты. Аким окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүүнү баштаганын, жыйынтыгы менен чаралар көрүлөрүн айткан.

Теплоключенка айылынын жаштары ымыркайдын өлүмүн райондук оорукананын дарыгерлеринин эки жаатка бөлүнүшүнөн көрүп жатышат. Алардын айтымында, райондук оорукана менен Жалпы дарыгерлик практикалык борбору бириктирилгенден кийин мурдагы жетекчи Эркин Урманаев менен азыркы жетекчи Канчоро Алымбековдун тиреши күчөгөн.

"Мындан улам дарыгерлер да эки жаатка бөлүнүп, бейтаптарды “сеники, меники” деп бөлүп калышкан", - дейт айыл тургуну Кубанычбек Ормокоев.

"Чынында азыр ооруканада интрига күч алды. Дарыгерлер бейтаптын баарын эле карабайт экен. Экиге бөлүнүп алышкан. Ортодо карапайым эл кыйналып атат. Жетекчилер, өкмөт жакшылап карап берсин, эмнеге эки дөөнүн ызы-чуусунан карапайым калк кыйналышы керек? Азыр досубуз Майрамбек баласынан айрылып отурат, дагы ким ушундай жаман окуяга кириптер болушу керек?",-деди ал.

Дарыгердин жообу, козголгон кылмыш иши

"Азаттык" жергиликтүү тургундар сөз кылган Жалпы дарыгерлик практикалык борбордун жетекчиси Канчоро Алымбеков менен байланышты. Ал баланын чарчап калышына дарыгерлерди гана күнөөлөөгө болбойт деп эсептейт:

Канчоро Алымбеков
Канчоро Алымбеков

"Келиндин үч жолу боюнан түшкөн. Аны карап, себептерин аныкташ үчүн бир нече жолу анализ алып, карап чыкканбыз. Көрсө, инфекция бар экен. Бул жубайлар толук дарылануудан өтпөй, кайра кош бойлуу боло берген. Тыныгуу албаган организм кош бойлуулукту көтөрө алган жок. Келин көз жаргандан кийин дароо рентгенге тартып, өпкөсүнүн 30-40% жабыркаганын, өпкөсү кагынганын аныктадык. Ошондуктан Караколго которууга туура келди".

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов 4-июлдан 5-июлга караган түнү катталган окуя боюнча териштирүү башталганын билдирди.

"6-июль күнү Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө 1958-жылы туулган Теплоключенка айылынын тургуну (келиндин кайненеси) арыз менен кайрылган. Анда "райондук оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгерлеринин шалаакылыгынан улам, 1986-жылкы келини төрөт убагы келгенине карабай кайдыгер мамиле жасалганын" айткан. Анын жыйынтыгында ымыркай чарчап калганын жазды. Бул арыз Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 152-беренеси менен ("медициналык же фармацевттик кызматкердин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо") беренеси менен өндүрүш иши башталган. Азыр тийиштүү экспертизалар дайындалды. Ошонун жыйынтыгы менен тергөө баасын берет".

Ирина Оспонбаеванын төрөтүн кабыл алган дарыгер да сурак берип жатат. Келин Караколдогу кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн уюштурулган "кызыл зонада" коронавирустан дарыланууда.

Бирок анын ПЧР анализи азырынча чыга элек. Канчоро Алымбековдун айтымында, медкызматкерлер келинди дарылоодо рентгендин жыйынтыгына таянып жатат.

Акушер-гинеколог Гүлзина Матраимова көп учурда энелер кош бойлуу кезинде өзүнө кам көрүп, туура тамактанбай жатканына көңүл бурду:

"Энелер толгон-токой оорулар менен келишет. Анан төрөгөндөн кийин эле "Бала эмнеге ооруп калды? Эмнеге чарчап калды?" деген суроолор жаралат. Эненин ар бир диагнозу балага таасир этпей койбойт. Аял баланын жана өзүнүн саламаттыгы үчүн ден соолугуна сөзсүз кам көрүшү зарыл. Эң оболу, туура тамактанышы керек".

Расмий маалыматтарга таянсак, Ысык-Көлдө 2021-жылдын башынан бери ушул күнгө чейин 4007 бала жарык дүйнөгө келген, 69 ымыркай чарчап калган. Алардын ону ара төрөлгөн, салмагы жетиштүү болбой калган же болбосо энеси коронавируска чалдыккан балдар. Жыл башынан бери Ысык-Көлдө алты эненин өлүмү катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG