Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:00

Беларуста көз карандысыз гезиттин сайтына бөгөт коюлду


"Наша Нiва" гезитинин башкы редактору Егор Мартинович.
"Наша Нiва" гезитинин башкы редактору Егор Мартинович.

Беларус бийлиги 8-июлда "Наша Нiва" аттуу көз карандысыз гезиттин сайтына бөгөт коюп, басылманын кеңселерин жана анын айрым журналисттеринин үйлөрүн тинтүүгө алды. Полиция гезиттин башкы редактору Егор Мартиновичти жана редакторлордун бири Андрей Скуркону суракка алып кеткени кабарланууда.

Андан мурдараак Беларустун Маалымат министрлиги басылманын сайтына бөгөт коюлганын жарыялаган. Түшкө жуук жүргүзүлгөн рейдден кийин полиция гезиттин кеңсесиндеги бир топ документтерди алып кеткени белгилүү болду.

Тергөө комитетинин Минск шаары боюнча өкүлчүлүгү гезиттин журналисттери былтыркы нааразылык акцияларына байланыштуу суракка алынып жатканын ырастады.

Беларус бийлиги былтыр август айында өткөн талаштуу президенттик шайлоодон бери оппозициячыл активисттерди жана эркин журналисттерди камакка алып келет. Буга чейин Беларуста Tut.by сыяктуу көз карандысыз маалымат каражаттарынын сайттарына да чектөө киргизилген.

Беларусту 27 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко шайлоону жеңгенин жарыялаганы менен мындай жыйынтыкты Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы тааныган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG