Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

Алимбаев: Чек арадагы атышууда көз жумгандар тууралуу маалымат такталууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Лейлек району. Май, 2021-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жол. Лейлек району. Май, 2021-жыл.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы атышууда баштапкы маалыматтар боюнча эки тараптан тең жоготуулар бар экени кабарланууда. Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев "Азаттыкка" ырастады. Анын айтуусунда, атышуунун себептери жана киши өлүмү боюнча маалымат такталып жатат:

"Лейлек районунун Көк-Жайлоо тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары нөөмөттө жүрүп, тажикстандык чек арачыларга бет келген учурда ортодо уруш чыккан. Натыйжада эки тараптан тең ок атылган. Бул окуя боюнча Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода менен сүйлөштүк. Азыр Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жетектеген топ окуя болгон жерге жөнөп кетти. Чатактын себебин чогуу иликтешет".

Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Чек ара кызматынын окуяга Кыргызстандын чек арачылары жылкы уурдап өтүүгө аракеттенген деген маалыматына ишенбесин кошумчалады. Анын айтуусунда, маалыматтар эки тараптуу иликтөөлөрдө такталат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүгүн, 8-июлда, саат 16:00 (Тажикстандын убактысы боюнча 15:00) чамасында болгону маалымдалган.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги Чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз болгонун жазды.

Тажик тараптын расмий маалыматында чек арадан өткөндөрдүн аскердик жана жарандык кийимчен болгону, колдорунда автоматтары бар экени айтылган.
"[Алар] Деваштич районунун тургундарына таандык 9 жылкыны Кыргызстанга айдап кетүүнү көздөгөн. Тажикстандык чек арачылардын чек ара бузулганы тууралуу эскертүүсүнө кыргыз чек арачылары автомат куралынан ок атышкан. Тажик чек арачыларынын жооп иретиндеги огунан эки адам жаракат алды", - деп жазылган "Ховардын" билдирүүсүндө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG