Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы кабарланды


Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Достук айылы. Баткен, Лейлек району. Июнь, 2021-жыл.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы Достук айылы. Баткен, Лейлек району. Июнь, 2021-жыл.

Тажикстандын"Ховар" маалымат агенттиги 8-июль күнү саат 14:55 чамасында кыргыз-тажик чек арасынын Согд облусунун Деваштич районундагы бөлүгүндө дагы ок атылганын билдирди. Агенттик кыргызстандык төрт чек арачы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме кылып жазды. Тажик тараптын расмий маалыматында чек арадан өткөндөрдүн аскердик жана жарандык кийимчен болгону, колдорунда автоматтары бар экени айтылган.

"Деваштич районунун тургундарына таандык 9 жылкыны Кыргызстанга айдап кетүүнү көздөшкөн. Тажикстандык чек арачылардын чек ара бузулганы тууралуу эскертүүсүнө кыргыз чек арачылары автоматтан ок атышкан. Тажик чек арачыларынын жооп иретиндеги огунан эки адам жаракат алды», - деп жазылган билдирүүдө.

Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматы бул маалыматты жарым-жартылай ырастап, чек арачылар "тажик чек арасын жылкы уурдоо үчүн бузган" деген айыптоону четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы учурда маалымат такталып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы 28-29-30-апрелде жана 1-майда болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду, анын экөө бала. 180ден ашуун адам жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жаракат алганы расмий маалымдалган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG