Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Аким: кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү уланып жатат


Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу.
Кыргыз-тажик чек арасы, Баткен облусу.

Баткендин Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлдөрү тажикстандык күч кызматтары менен чогуу 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөрдү улантып жатканын “Азаттыкка” билдирди. Рахманкулов так маалымат сүйлөшүү бүткөндөн кийин болоорун кабарлады.

Буга чейин Чек ара кызматы Кыргызстандан бир аскер кызматкери каза болгонун расмий билдирди.

“Тажикстандын чек арачыларынын куралдуу кол салуусунан улам Кыргызстандын чек арачысы, 27 жаштагы сержант Хуснидин Хажиев курман болду. Жоокердин өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө”.

Тажикстандын улуттук "Ховар" маалымат агенттиги тажик чек ара кызматына шилтеме кылып, окуяга кыргызстандык чек арачылардын мыйзамсыз түрдө Тажикстан аймагына өтүү аракети негиз берген деп жазды. Кыргыз тарап жаңжалга тажик чек арачылары себепкер болгонун маалымдоодо.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG