Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Шайназаров: добуш сатып алууга лидери аралашса партия шайлоодон четтетилет


Иллюстрациялык сүрөт. Оштогу добушканалардын бири.
Иллюстрациялык сүрөт. Оштогу добушканалардын бири.

Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчисинин орун басары Тынчтык Шайназаров Ош шаарындагы добуш сатып алуу аракети боюнча пикирин билдирди. Шайназаров тергөө иштеринде кылмышка партия лидерлеринин катыштыгы аныкталса жарыштан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алынарын белгиледи.

“Эгерде тергөө учурунда партиянын жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз иштер уюштурулганы аныкталса, Борбордук шайлоо комиссиясы, Аймактык шайлоо комиссиясы партиянын тагдырын чечүүгө мүмкүнчүлүк алат”, - деди Шайназаров.

Буга чейин Ош шаардык милициясы шаардык кеңешке талапкер эки киши добуш сатып алууга шек саналып кармалганын билдирген. Күч органдары кылмышка шектүүлөр кайсы партиянын талапкерлери, өкүлдөрү экенин тактай элек.

Ушул жылдын 11-апрелинде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Мыйзам бузуу тууралуу арыздардан кийин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Үч шаарда кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG