Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Август, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 17:28

Коопсуздук: Масадыковго артылган ишеним


Таалатбек Масадыков

Кыргызстанда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деген жаңы кызмат негизделип, ага Таалатбек Масадыков дайындалды.

Буга чейин бийлик структурасында мындай кызмат жок болчу. Президент Садыр Жапаров бул орунду жаңы түздү.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы бул дайындоо тууралуу тараткан маалыматында Масадыковдун Коопсуздук кеңешинин төрагасы, тагыраагы президенттин орун басарлыгына келгенине басым жасады.

Кыргызстанда Коопсуздук кеңеши коргонуу жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы жогорку орган. Аны президент жетектеп, курамына парламент төрагасы, өкмөт башчысы, коопсуздук, коргоо, тышкы иштер, экономика жаатындагы министрлер, башкы прокурор баш болгон жогорку кызматкерлер мүчө. Аталган кеңеш улуттук коопсуздукка коркунуч туудура турган көйгөйлөрдү талкуулап, багыт берүүчү документтерди кабыл алат. Бул түзүмдүн аткаруу органы катары катчылык эсептелет. Учурда Коопсуздук кеңешинин катчысы катары Марат Иманкулов иштеп жатат.

Өлкө тарыхында алгачкы жолу президент Коопсуздук кеңешиндеги өзүнүн орун басарын дайындады.

Мындай тажрыйба эки жыл мурун Орусияда болгон эле. Орус президенти Владимир Путин дал ушундай кызмат түзүп, ал кызматка жакын санаалашы, өлкөнүн мурдагы президенти жана премьер-министр болгон Дмитрий Медведевди дайындаган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дал ушундай ыкманы колдонуп, мурда-кийин командасына кирбеген, коомчулукта коопсуздук жаатында кесипкөй адис катары таанымал Таалатбек Масадыковго жаңы кызмат берип отурат. Азырынча Масадыков конкреттүү түрдө кайсы тармакка жооптуу экени, кандай ыйгарым укуктары болору расмий жарыялана элек.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов соңку өзгөртүү өлкө коопсуздугун чыңдоо максатын көздөй турганын, жаңы кызмат боюнча өзүнчө жобо иштелип жатканын билдирди:

“Бул биздин президенттин чечими. Ал киши чыгарган жарлыкта жазылгандай, Коопсуздук кеңешинин ролун бекемдеп, натыйжалуулугун жогорулатууну көздөп жатабыз. Эми төраганын орун басарынын дайындалышы менен өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн саны көбөйдү. Төраганын орун басары боюнча атайын жобо иштелип чыгууда. Муну менен өлкө коопсуздугун бекемдесек болот. Анткени, Масадыковдун билими, тажрыйбасы Кыргызстандын коопсуздук жаатына керектүү, анын баарын мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз деген үмүт бар”.

Мындай түшүндүрмөлөргө карабай, Таалатбек Масадыков үчүн жаңы кызмат түзүлүп, президенттин орун басарлык деңгээлиндеги милдеттин жүктөлүшү коомчулукта кызыгуу жаратты.

Айрымдар чөлкөмдөгү, Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен президент дал ушул кадамга барды деп эсептешсе, кээ бирлер бийлик эл оозундагы адиске кызмат берүү менен саясий упай топтоо максатын көздөп жатканын болжолдошууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев жогорудагы эки себеп тең жүйөлүү деген ойдо:

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

“Масадыковду бул кызматка алып келүүгө эки чоң негиз бар деп ойлойм. Биринчиден, президент өзүнүн тегерегине эл арасында сөз болуп жүргөн жаңы күчтөрдү топтоого аракеттенди. Бул жерде Масадыковдун Чүйдө төрөлүп-өскөнү да маанилүү болуп жатат. Дал ушундай адамды кызматка алып келүү менен президент кошумча электораттын ишеничине ээ болууну көздөп жаткандай. Экинчи жана негиздүү себеп, Ооганстандагы окуялар. Масадыковго БУУнун линиясында иштеген, бул аймактагы абалды эң жакшы билген адам катары дал ушул кызматты сунушташты окшойт”.

Чынында эле Ооганстандагы акыркы кырдаал Борбор Азия өлкөлөрүнүн тынчсыздануусун жаратууда. АКШ баштаган эл аралык коалициялык күчтөрдүн ооган жергесинен чыгып кетиши менен “Талибан” кыймылы Борбор Азияга чектеш улам бир районду басып алып жатат. Акыркы апталарда Тажикстанга эки миңден ашык ооган аскери качып кирсе, Өзбекстан Ооганстандагы кырдаалдан улам аскердик машыгууларды баштаган.

Ал эми Таалатбек Масадыков Кыргызстандагы Ооганстан боюнча эң көрүнүктүү адис катары таанымал.

Таалатбек Масадыков ким?

60 жаштагы Масадыков Чүйдө төрөлүп өскөн. Мектепти бүтүргөн соң Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун (МГИМО) аяктап, эл аралык байланыштар боюнча адис кесибине ээ болгон.

Ал 1984-1986-жылдары СССР Коргоо министрлигине караштуу Аскердик институтта окутуучу болгон. Мындан соң 1987-жылы Ооганстанга жөнөтүлүп, котормочу, уруулар маселеси боюнча адис болуп эмгектенген. Мындан соң Москвада мамлекеттик университетинин алдындагы Азия жана Африка өлкөлөрү институтунда кандидаттык диссертациясын жактаган.

Кийин Кыргызстанга келип, өкмөт алдындагы Чет элдик инвестиция жана өлкөлөргө жардам берүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары болуп, бир жылга чукул иштеген.

2000-жылы Лондондогу экономика жана саясий илимдер мектебинен билим алган. Эки жылдан кийин БУУнун Саясий маселелер боюнча департаментине ишке чакырылган. Ал 2009-2014-жылдары Улуттар Уюмунун Ооганстандагы атайын миссиясында саясий директор болгон. Мындан кийин Кыргызстанга кайтып келип, соңку беш жылдан бери саясатка аралашууга аракет кылды.

2017-жылдагы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, саясаттагы жаңы адам катары өзүн тааныштырган эле.

Андан бери өлкөдөгү окуялар боюнча өз пикирин билдирип, Кыргызстандагы көпчүлүк жараяндар туура эмес нукта бара жатканын, эгер саясат өзгөрбөсө кесепети оор болорун эскертип жүргөн.

Масадыков жаңы кызматка дайындалганы боюнча комментарий бере элек. Ал мындан бир ай мурун президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыкканын YouTube порталында жергиликтүү каналдардын бирине берген маегинде билдирген эле.

Анда Масадыков президентке өлкөдө реформа кылууга убактысы аз калганын, командасын тазалабаса оор болорун айткан:

"Президент менен эмнени сүйлөшкөнүмдү айтпай эле коёюн. Бирок сунуш катарында пикирибизди алмаштык. Кыргызстанда учурдагы эң биринчи зарыл кадам - люстрация, жаңылануу. Кадр маселесин чечиш керек. Аны чечмейинче эч бир иш жылбайт. Азыр президенттин аппаратында да, өкмөттө да люстрация болуп тазаланчу адамдар толтура. Аларды бошотуп, ордуна жаңы адамдарды алып келиш керек. Бул менин принципиалдуу позициям".

Масадыков эмнени өзгөртөт?

Таалатбек Масадыков өзү айткандай, иш билги адистердин бири катары жогорку кызматка барды. Бирок президенттин командасындагы люстрацияны ишке ашырууга салым кошо алабы, ага ушундай мүмкүнчүлүк берилеби деген суроолорго жооп жок.

Саясатчы Эмилбек Каптагаев Таалатбек Масадыковдун кызматка келишин учурдагы бийликтин соңку маалдагы эң жакшы кадрдык жүрүшү деп эсептейт. Ал Коопсуздук кеңештин төрагасынын орун басарлыгы вице-президентке тете кызмат экенин белгилеп, кабыл алынган чечимдердин сапатын жакшыртууга өбөлгө болот деп үмүттөнөт:

Эмилбек Каптагаев
Эмилбек Каптагаев

“Масадыков өзү да президентке жолуктум, сүйлөштүм деп коомго бир топ нерсе айтты. Ошондуктан, бул чечим эки жакка тең утуш алып келип жатат го деп, өз оюмду социалдык тармактарга да жаздым. Кандай деп айтсак да, президенттин айланасындагылардан Таалатбек Масадыков эл аралык деңгээлде, БУУнун түзүмүндө, болгондо да чок күйүп турган Ооганстанда иштегендердин бири. Балким, ички социалдык-экономикалык жана башка маселелер боюнча тажрыйбасы азыраак болсо да, эл аралык чөйрөдө тажрыйбасы бар адам. Экинчиден, эл аралык деңгээлде иштеген үчүн чечим кабыл алуу, кырдаалга талдоо жүргүзүү тажрыйбаларынан өттү. Интеллектуалдык деңгээли, билими бар. Ошондон улам президенттин айланасына жеткиликтүү деңгээлде потенциалы бар адам кошулуп жатат”.

Ошол эле учурда Масадыковдун жаңы кызматка келиши президенттин күч тармагындагы тең салмакты камсыз кылуу жана чек ара маселелерин чечүүгө салым кошчу кадрды тартуу аракети катары да болжолдонуп жатат. Себеби, соңку кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, коңшу өлкө менен бул жаатта бир пикирге келе албай жаткан учурда чек ара маселеси менен алектенүү УКМКдан Коопсуздук кеңешине жүктөлгөнү айтылган эле.

Бирок Кыргызстанда бийлик тутумуна жаңы адамдар келген учурда мурдатан орноп калган система, кадрлардын каршылыгынан улам кызматтан баш тарткан учурлар болгон. Анын үстүнө Таалатбек Масадыков президенттин эң жакынкы чөйрөсүнө кирбейт жана бийликтин төмөнкү тепкичтеринде ишенген тилектештери барбы деген суроо турат.

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев Коопсуздук кеңешинде туруп, жогорку жетекчиликтин каалоосу жок болсо батыл өзгөрүүлөрдү кылуу кыйын экенин белгилейт:

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

“Албетте, Таалатбек Масадыковду Коопсуздук кеңешинин төрагасына орун басар кылып дайындаганын түшүнүп жатам. Анткени, Ооганстанды жакшы билет, БУУда иштеп жүргөндө ошол жактан да жолуккам. Пуштун тилин да жакшы билет. Албетте, ал жактагы абалдан кабардар. Бирок кептин баары ал айткандарды жогорку бийлик угабы, бир нерсени өзгөртүүгө каалоолору барбы деген маселеде. Анын үстүнө Кыргызстанда башкаруу системасында биринчи эле кызматка отуруп жатат. Бизде президенттик башкарууга өттүк деген менен кийинки окуяларда кимиси башкарып жатканы түшүнүксүз. УКМКнын башчысы маектерди берип, баарын комментарийлеп, тапшырма берип салат. Андайда президенттики угулбай калат”.

Кандай болгон күндө да үч ыңкылапты өткөрүп, саясий олку-солкулуктар көп болуп, бийлик системасына жаңы адамдар келиши керек экени көп айтылган Кыргызстанда жаңы ысымдардын бири болгон Таалатбек Масадыковду сынай турган учур келди.

Ал буга чейинки маектеринде Садыр Жапаровдун өлкөдө реформаларды ишке ашырууга ушул күзгө чейин гана убактысы бар экенин айтып келген. Эми ага дал ушул команданын мүчөсү катары өзү айткан мөөнөт ичинде көзгө көрүнөрлүк иш аткаруу милдети тагылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG