Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Август, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:30

Ооганстандагы согушка от тамызган геосаясат


Талибанга каршы чыккан оогандык куралчан адамдар. Горбанд району, Парван провинциясы. 29-июнь, 2021-жыл.

Ооганстан кайрадан геосаясий эрегиштин, XIX кылымда англисче тарыхка The Great Game деп кирип калган же "чоң оюндардын" чордонуна айланды. Талибдер менен ооган өкмөтүнүн аскерлери ортосундагы куралдуу уруш азыр да уланып жатат.

Дүйнөлүк прессада ооган урушунун тегерегинде АКШ, Орусия, Кытай, Иран, Пакистан, Индия, Түркия, Борбор Азия өңдүү тараптардын ролу, таасири көп сөз болууда.

Ооган урушуна улуттук биримдик, ички ынтымактын жоктугу, анын айынан өкмөттүн алсыздыгы себеппи же мунун баары чоң өлкөлөрдүн эрегишинин кесепетиби?

Биз бүгүн Ооганстандагы куралдуу эрегиштин геосаясий себептери, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кандай коркунучу, сабагы бар деген суроолорду талкууладык.

Талкууга АКШнын Бостон шаарындагы Түндүк-Чыгыш университетинин профессору, мурдагы дипломат жана мурдагы депутат Бакыт Бешимов, Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары Каныбек Иманалиев, дипломат, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов катышты.

- Соңку кабарларга караганда, Талибан кыймылы ушул тапта Ооганстан аймагынын далай бөлүгүн, Түркмөнстан, Иран менен чектеш жерлерди колуна алды. Провинция борборлору, Кабулга, башка чоң шаарларга чабуул коюп, өлкө гуманитардык кризиске бет алганы кабарланууда. Далай жерлерди алар эч кандай каршылыксыз эле өткөрүп алганы белгилүү болду. Анткени калктын арасында аларды колдогондор аз эмес. Талибдердин соңку куралдуу чабуулдары АКШ баштаган коалициялык күчтөр өлкөдөн чыгарылып кетип жаткан учурга туш келди. Байкоочулар Ооганстандагы таасир талаш кайра башталды деп жазып жатышат.

Бакыт мырза, бул чын эле бир кезде Британия, кийин Советтер Союзу аскерлерин Ооганстандан чыгарып кеткен учурду элестетеби, Америка баш болгон НАТО, Батыш күчтөрү көздөгөн максатына жетпей калды десек болобу?

Бакыт Бешимов: - Америка 2011-жылы 9-сентябрда Ооганстанда согушту баштаганда үч негизги максаты болгон. Биринчиси -“Аль-Каиданы” жок кылуу, экинчиси - “Аль-Каидага” шарт түзүп берген Талибанды бийликтен кетирүү. Үчүнчүсү - ооган өкмөтүнө жардам берүү.

Бакыт Бешимов.
Бакыт Бешимов.

Ошол үч максатына убактылуу жетти. Бирок Талибан акыркы 20 жылда андан бетер күчтөндү. Азыркы учурда эң таң калычтуусу Талибан Ооганстандын Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен чек арасынын 80 пайызын көзөмөлгө алды. Эгер биз тарыхты карап көрсөк, Советтер Союзу кетип жатканда, андан кийин Америка кирип келгенде Рашид Дустум Түндүк Өзбекстандын чек арасына жакын жерди жана Шах Масуддун аскерлери Бадахшанды толук көзөмөлдөп, Талибанды киргизген эмес. Азыркы учурда абал өзгөрдү, жаңы геостратегиялык абал түзүлдү десем болот.

- Ооганстанды ичинен билген эксперт, кабулдук журналист Мустафа Сарварга да эл аралык коалиция артында машыгуудан өтүп даярдалган аскер, коопсуздук кызматынан башка эмнелерди калтырып жатат деп суроо узаттык.

Мустафа Сарвар: - АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга 2001-жылдын аягында жайгаштырылган. Бул күчтөр Ооганстандагы түрдүү тармактарда, өлкөнү кайра куруу жаатында дагы, аскердик жаатта дагы абдан маанилүү ролду ойношту. Мисалы, провинцияларды кайра куруу топтору узак жылдардан бери Ооганстандын аймагында иш алып барып келет. Алар Ооганстандагы аэропортторду, мектептерди жана медицина системасын кайра куруу үчүн 100 миллиондогон долларды сарпташты. Кайсы бир деңгээлде мындай жардамдын натыйжасында Ооганстандын ар кыл аймактарында миллиондогон окуучу кыздар мектепке барууга, жарандык медициналык кызматты колдонууга мүмкүнчүлүк алышты.

АКШнын жарандык программаларынын арасында шаардагы жана алыскы аймактардагы аялдарга колдоо көрсөткөн борборлор дагы бар. Жакында Вашингтон ооган жергесиндеги карапайым тургундарга жардам иретинде 300 млн. доллар бөлө турганын жарыялады. Ооган күчтөрүнө бир жылда 5 млрд. доллардан ашык каражат кетет. Алардын басымдуу бөлүгү АКШдан келет.

Дагы бир маанилүү жагдай эл аралык коомчулук анын ичинде Кошмо Штаттар өз күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин деле өлкөнү “жалгыз калтырбайбыз” деп убада берип жатат. АКШ алдыдагы жылдары ооган күчтөрүн колдоо үчүн коргоо жана коопсуздук тармактарында 3,3 млрд. долларлык жардам көрсөтөрүн билдирди.

- Улуттар Уюму, Орусия талибдерди радикал исламчыл идеяларды, эл аралык террорчуларды колдойт деп кооптуу террордук уюм деп тааныган. Талибан кыймылын тымызын колдоп, курал-жарак менен камсыздап жатат деп Батыш Пакистан, Иран, Орусияны айыптап келгени белгилүү. Аталган өлкөлөр ооган жергесинде талибдер гана тынчтык орното алат деп ишенеби же дагы бир башка кызыкчылыгы барбы? Анткени Пакистан, Иран, Кытай коңшулаш өлкө катары Ооганстанда туруктуу тынчтык орношуна кызыкдар тараптар эмеспи? Орусия деле Борбор Азия аркылуу анча алыс эмес дегендей. Геосаясий эрегиштин башкы себеби эмнеде?

Болот Жунусов: - Орусия совет доорунан бери эле Ооганстандагы "чоң оюнга" катышып, Ооганстанды өзгөртөм деп иш алып барган. Аягында “кайра куруу” деп Советтер Союзу өзү урап кетти. Бүгүн Орусиянын “биз барып америкалыктар чыгып кетти, жаңы оюн баштайбыз” дегени деле байкалбайт. Учурда Орусияда эки позиция сезилип жатат, бир жагынан кубаныч – Америка дагы биздей болуп эч нерсеге жеткен жок, чыгып кетип жатат деп баалап жатышат. Экинчиси - ЖККУнун чек арасынын жанында “жарылбай калган бомба” ташталып жатат. Бул жаңы жумуш, көп түйшүк, энергияны талап кылат.

Тажикстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын чек арасы эмне болот деген суроо туулуп жатат. Түркмөнстан ЖККУга кирбесе дагы КМШ боюнча өнөктөш. Менин оюмча Москвага жаңы баш оору табылды. Талибдердин маселеси КМШга, ЖККУга, Борбор Азияга — биздин өлкөлөргө жакындады. Жаңы этап башталып жатат. Талибдер Орусиядагы террористтик уюмдардын тизмесинен чыгарылышы мүмкүн. Азыр Талибан Орусияда тыюу салынган уюмдардын катарында.

- 2001-жылы 11-сентябрда АКШда болгон ири теракттардан кийин эл аралык коалиция түзүлүп, “Аль-Каиданын” радикал согушчуларына башпаанек берип калкалап жатат деп Ооганстанда аскердик операция баштаган эле. Ал аракеттерди ошол учурда дүйнөнүн көп өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан да колдогон, аскердик база ачууга, аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берген. 20 жылдан кийин Борбор Азия, Кыргызстан азыр Ооганстандын тегерегиндеги геосаясий оюндардын кайсыл тарабында? Ооганстанда тынчтык орнотуунун кандай жолдорун колдойт?

Ооганстан Орто Азиянын гана көйгөйү эмес, бул жалпы дүйнө коомчулугунун көйгөйү. Ошондуктан бүгүнкү күнү аны чечүүнүн бирдиктүү дарысы, модели, формуласы жок.
Каныбек Иманалиев.

Каныбек Иманалиев: - Бул акыркы 100 жылдан бери келе жаткан дүйнөлүк чыр-чатактын чордону. Биринчиден, баарыбыз тегиз түшүнүшүбүз керек Ооганстандын маселесинин 50 пайызы бул — Пакистан, пуштундар. Жалпы ички кызыкчылыктарды эске алмайынча бул көйгөй чечилбейт. Ал кайсы көйгөйлөр? Бүгүн Ооганстанда реалдуу эки чоң күч бар. Бул расмий бийлик — өкмөт жана Талибан кыймылы. Экинчиден, улуттук азчылыктар. Ал жакта өзбек, тажик, хазарлар бар. Үчүнчүдөн, жаңы багыттар пайда болду — бул ооган маселесине Кытай кийлигишип жатат. Кытай менен чек арасында калктуу пункттар жок. Бирок Талибан билдирүү жасап, Кытай инвестициясын күтөөрүн жана Бээжин менен кызматташканга даяр экенин айтты.

Талибан биринчи жолу Орусиянын расмий бийлиги менен кепке келип, “Орусиянын өнөктөштөрүнүн аймагына кирбейбиз, жаңы коалиция курап, өкмөт менен кызматташканга даярбыз, бийликти толугу менен алуу амбициябыз жок” деп айтты. Буга чейин ооган эли жолун өзү аныктаган эмес. Ага бир учурда Британия, СССР, Америка кийлигишип келген.

Ооганстандын ичиндеги реалдуу лидерлер кимдер? Алар консолидация болуп пикирге келе алабы? Ошол лидерлер менен эң кызыкдар державалар — Пакистан, Кытай, Орусия, АКШ сүйлөшө алабы? Сүйлөшө алса, анда Иран, Индия, Орто Азия мамлекеттери кошула алабы? Кызыкчылыктарды туура коё билсе, мүмкүн коалициялык өкмөт түзүлүп, консенсуска келиши ыктымал. Туура түшүнүшүбүз керек Ооганстанда маңзат менен согуш эң кирешелүү тармак. Ошон үчүн дүйнөдөгү саясий терроризмдин, ислам экстремизминин, маңзаттын борбору дагы Ооганстан болуп кала берет.

Кыргызстандын позициясы кандай? Кыргызстан бул жерде жалгыз өзү чек арасын коргошу кыйын. Биз эки коопсуздук уюмуна — ШКУ менен ЖККУга мүчөбүз. Бул жерде биз Орусия менен үндөшпүз. Талибан Орусиянын өнөктөштөрүнүн аймагына кирбейбиз деп сөз берди. Бирок маселе ушуну менен гана чечилип калбайт. АКШ акыркы 20 жылда 1 триллион доллар бөлүптүр. Бирок андан экономикалык жылыш болгон жок. Ооганстан Орто Азиянын гана көйгөйү эмес, бул жалпы дүйнө коомчулугунун көйгөйү. Ошондуктан бүгүнкү күнү аны чечүүнүн бирдиктүү дарысы, модели, формуласы жок.

- Бакыт мырза, Талибан кыймылы азыр бирдиктүү, борбордук жетекчиликке баш ийген кыймылбы, анткени Катардын борбору Дохадагы сүйлөшүүлөргө бир лидерлери, Москвага башка делегация барды. 2000-жылдардын башында лидери Молдо Омор деп дүйнө таанычу. Андагы талибдер менен азыркылардын айырмасы барбы? Алардын жолугушууларда айткан сөздөрүнө ишенсе болобу?

Эгер өлкөнүн түңдүк тарабынан миңдеген тургун коңшу мамлекетке өтүп кетсе, Орто Азияда кырдаал кандай болот? Ошондуктан азыр Орусия, Өзбектан, Түркмөнстан жана Тажикстан ушул маселе боюнча ойлонуп жатат.
Бакыт Бешимов.

Бакыт Бешимов: - 20 жыл мурдагы талибдерден азыркылардын чоң айырмасы бар. Азыркы талибдер өтө бекем уюм. Лидерлери 20 жылдын ичинде көп нерсени түшүндү, жакшы тажрыйбага ээ болду. АКШ, Орусия мамлекеттери менен болгон сүйлөшүүлөрдүн тексттерин окуп көрсөңүз терең нерселер сунушталган. Аскер жагынан азыр күчтүү. Даярдыгы, стратегиясы, тактикасы күчтүү. Алар дагы бир нерсеге жетти – эгерде учурунда өзбектердин лидери Рашид Дустумдун тобуна каршы турса, азыркы учурда “Ислам жихады” деген бирикмеси жалаң өзбектерден турат. Алар Талибан менен бирге.

Мурда тажиктердин басымдуу көпчүлүгү Талибанга каршы болуп, аларды Бадахшанга жолоткон эмес. Азыркы учурда “Ансарулла” деген тажиктерден турган уюм бар. Алар дагы Талибан менен бирге. Азыркы учурда Ооганстанда жарандык согуш болуп жатат. Аны учурунда кандуу окуяларга өтүп кетпеши үчүн америкалыктар жана аларга кошулган башка күчтөр токтотуп турган. Эгерде сентябрда АКШ баш болгон коалициялык күчтөр чыгып кетсе, жарандык согуш кайсы жол менен кетет, кандай болорун азыр айта албайбыз. Бирок кан төгүлүп кетсе Тажикстанга, Өзбекстанга жана Түркмөнстанга өтө чоң таасир берет.

Талибан өлкөнү толугу менен көзөмөлгө алганга аракет жасайт. Ошондо Талибан менен жергиликтүүлөрдүн конфликти сөзсүз күчөйт. Эгер өлкөнүн түңдүк тарабынан миңдеген тургун коңшу мамлекетке өтүп кетсе, Орто Азияда кырдаал кандай болот? Ошондуктан азыр Орусия, Өзбектан, Түркмөнстан жана Тажикстан ушул маселе боюнча ойлонуп жатат. Бул бардык мамлекеттер үчүн баш оору. Кытай болсо Ооганстанды ким гана бийликке келбесин алар менен сүйлөшүп алат.

- Кыргызстанга деле ооган-тажик чек арасы анча алыс эмес. 1999-2000-жылкы Баткен окуяларын эске алганда, согушкерлер бийик тоолорду аралап биз жакка өтүп кеткен күндөр болгон. Кыргызстандын өзүңдөгү радикал, экстремисттик маанайдагы ар кандай адамдар болушу мүмкүн. Ушулардын бардыгын эске алганда Ооганстанда узак мөөнөттүү жарандык согуш тутанып кетсе Кыргызстанга кандай коркунуч бар? Кантип коргонуу керек?

Болот Жунусов.
Болот Жунусов.

Болот Жунусов: - Муфтияттын реформасын караш керек, эмне үчүн дегенде Ооганстан дагы 50 жыл мурда светтик өлкө болчу. Азыр героин менен согуштун гана аймагы болуп калды. Андан сырткары Ливан мамлекети бай, светтик өлкө болчу. Жакынкы Чыгыштын финансы борбору эле. Шииттер менен сунниттердин кармашы башталып, диний фактор күч алып, исламчылар көбөйгөндө азыр эң кедей мамлекетке айланды.

Жакырчылык, коррупция күч алган мусулман өлкөлөрдө Талибан "2:0" деген идеясын жарыялап жатат. Пуштун эле эмес, тажик, хазар же өзбек болосуңбу Талибандын ичине кирип алып, карьералык өсүш жасаганга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Бизде 80 пайыз эл айылда жашайт. Айыл чарба менен алектенип же миграцияга кетип бутка тургандан башка мүмкүнчүлүк жок. Жаштардын кайсы бир пайызы Талибан жакты дагы карашы мүмкүн.

- Эксперттер Ооганстандагы азыркы согушка геосаясий эрегиштен мурун өлкөнүн өзүндө улуттук биримдиктин жоктугу, саясий күчтөр, кыймылдар этникалык, диний, регионалдык топторго негизделип уюшулганы башкы себеп деп белгилешет. Ооган өкмөтү, башка кыймылдар, талибдер чет жактардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн ар кимиси өз алдынча өткөрүп келатканы да буга далил. Буга дагы бир чоң себеп – Ооганстанда жарандык коомдун алсыздыгы, улутту бириктирген күчтүү партия, кыймылдардын жоктугу деп айтсак болобу? Ушулар деле Кыргызстан, башка өлкөлөр үчүн чоң сабак болушу керекпи?

Чынын айтканда 30 жыл ичинде Кыргызстан көп деле ийгиликке жетишкен жок. Балким жаңы муун келип, айрыкча динге ишенгендер “саясатчылар ийгилик жараткан жок” деп чакырык ташташы мүмкүн. Учурунда Ирандагы революциялар дал ушундай чакырыктардан башталган.
Бакыт Бешимов.

Бакыт Бешимов: - Талибан бийликке келет, аны алардын 20 жылдан берки аракети деле көрсөтүп турат. Алардын идеологиясы, саясаты таасир этет. Кыргызстанга келгенде бул нерселерди эске алышыбыз керек: биринчиден, Кыргызстандын канча жараны Түштүк Азияга — Пакистанга, Индияга барып медреселерде кандай билимге ээ болду? Алар миңдеп саналат.

Пакистандагы медреселерге барып окуган кыргызстандыктарды өз көзүм менен көргөм. Алар исламдын деобанди деген багытын карманат, биз ханафини карманабыз. Ошол жакта билим алып мекенине келгендердин таасири кандай болот? Азырынча ошол маселе боюнча эч бир изилдөө жок, бул биринчи. Экинчи маселе, жалпы Кыргызстанда акыркы 20 жыл ичинде диний кырдаал кандай өзгөрдү? Менин байкоом боюнча Кыргызстан диний консервативдүү өлкөгө айланып баратат. Канча жылдын ичинде жаштар радикалдуу топко кошулуп кетет, ал дагы белгисиз.

Чынын айтканда 30 жыл ичинде Кыргызстан көп деле ийгиликке жетишкен жок. Балким жаңы муун келип, айрыкча динге ишенгендер “саясатчылар ийгилик жараткан жок” деп чакырык ташташы мүмкүн. Учурунда Ирандагы революциялар дал ушундай чакырыктардан башталган. Жалпы эл бийликке нааразы болуп ушундай ураандарды колдоп кеткен, азыр абалын көрүп турасыз. Балким Борбор Азияда Кыргызстан кандайдыр бир деңгээлде ошондой жолго түшүп кетиши мүмкүн. Эксперттер көптөн бери эскертип келатышат.

- Ооган согушу жакында токтобойт, жарандык согушка айланат деген жоромолдор айтылып жатат. Ооган согушунун Кыргызстан үчүн реалдуу коркунучтары барбы, андан кантип коргонуу керек?

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

- Каныбек Иманалиев: - Реалдуу коркунуч бар. Биринчиден, диний таасир. Экинчиден, мамлекеттин коопсуздугуна, чек арага коркунуч бар. Андыктан жакынкы күндөрү бул маселе Коопсуздук кеңешинде каралышы керек. Улуттук кызыкчылыктарга төп келген чечимдерге барышыбыз керек. Коопсуздук кызматташтыгына кирген коңшу мамлекеттер менен биргелешип иш-аракеттерди көрүшүбүз абзел. Бизде Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстанга караганда географиялык бир өзгөчөлүк бар. Бизди Хорог өрөөнү бөлүп турат. Ал жерде жол бир айга эле ачылат — 15-июлдан 15-августка чейин. Калган учурда мөңгү басып турат. Ошентсе дагы биз бардык варианттарга даяр болушубуз керек. Эң ириде чек араларды бекемдешибиз керек.

- АКШ, Батыш өлкөлөрү Ооганстан менен коңшулаш Өзбекстан, Тажикстан жана чек арадан алысыраак Казакстанга 20 жылдан бери эл аралык коалицияга жардам берген ооган жарандарын убактылуу жайгаштыруу өтүнүчү менен кайрылышты. Кыргызстанга азырынча кайрыла элек. Ошентсе да Кыргызстанга дагы башпаанек сурап кайрылып калышса, аларды кабыл алууга бизде шарт барбы?

Болот Жунусов: - Башынан баштап эле үч өлкө (ред. Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан) тууралуу айтылып жатат. Мүмкүн бизге деле сунуш болот. Анткен менен ошол өлкөлөрдүн эксперттери биз “филтирлөөнү” кандай жасайбыз деп ойлонуп жатышат. Чынында эле коалициялык күчтөргө жардам берген тилмечтер келеби, же исламчылар келеби деген эки анжы пикир бар.

Азыр Өзбекстан чек арада, Термезге жакын жерде качкындар лагерин курат деген сөздөр болуп жатат. Ал эми Кыргызстан тууралуу айта турган болсок жөнөкөй маселе эмес. Азыр согуш аймагынан миңдеген кишини алып келип алып кайда жайгаштырабыз? Мисалы Памирдеги этникалык кыргыздарды алгач Нарынга алып келип, кийин кайра Чоң Алайга көчүрдүк. Чынында биз качкындарды кабыл алууга даяр эмеспиз.

Талкууну толук аудиодон уга аласыз.

"Ооган согушуна от тамызган геосаят" (Аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:58 0:00
Түз линк

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG