Линктер

шаршемби, 18-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:02

Баткен коогасы: "Эл жоочулар түшөт деп чочуп турган"


Баткен окуясы маалында жолду кайтарган аскер, 1999-жылдын август-сентябрь айлары, Фото: Брюс Панниер.

Туура 20 жыл мурда "Өзбекстан ислам кыймылы" радикал тобунун жоочулары Кыргызстандын чек арасын бузуп, Баткен аймагына кирип келишкен.

Көп өтпөй алар сүйлөшүүгө барган Кыргызстандын расмий өкүлдөрүн жана аскер кызматкерлерин барымтага алышкан. Кыргыз армиясынын чет өлкөлүк жоочулар менен кармашы күздүн жоон ортосуна чейин созулуп, бул окуяларда ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Баткен окуясын чагылдырганы барган «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы, Борбор Азия боюнча баяндамачы Брюс Панниер 20 жыл мурдагы окуялардын таржымалын айтып берди.

«Азаттык»: 1999-жылдын июль айынын соңунда Баткендин Зардалы айылынын жанында белгисиз куралчан адамдар пайда болгон. Ошол 20 жыл мурдагы Баткен окуясы окуя жаңы башталган учурду кандай эстейсиз? Ал учурда эмне болуп жатканы так белгилүү беле?

Брюс Панниер: Адаттан тыш жагдай болгону талашсыз. Себеби мындай окуя Борбор Азияда ага чейин эч качан болгон эмес эле. Албетте, Тажикстанда жарандык согуш чыгып, ага жоочулар да катышканын баары эле билишчү. Бирок Баткен окуясына чейин кайсы бир өлкөнүн оппозициясынын мүчөсү болбогон согушкерлер тобу Борбор Азияда ачык байкалган эмес. Андыктан түзүлгөн кырдаал алгач көпчүлүктүн башын адаштырганы бышык.

Анын үстүнө «Өзбекстан ислам кыймылынын» жетекчилери кезинде Тажикстандагы бириккен оппозициянын курамында болгону да жагдайды ого бетер түшүнүксүз кылып койгон. Бул кыймылдын Жума Намангани жана Тахир Юлдаш сыяктуу лидерлери өзбек атуулдары болгонуна карабастан Тажикстандагы жарандык согушта оппозициянын катарында согушуп келген. Тажикстандагы согуш 1997-жылы аяктап, Баткен окуясы чыккан маалда бул өлкөдө куралсыздандыруу жараяны жүрүп жаткан. Бул процесс 1999-жылдын август аягында соңуна чыгат деп да айтылган.

"Скорпион" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери, Баткен, 1999-жылдын август-сентябрь айлары, Фото: Брюс Панниер.
"Скорпион" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери, Баткен, 1999-жылдын август-сентябрь айлары, Фото: Брюс Панниер.

Дал ошондой шартта Кыргызстанда согушкерлердин пайда болушу көпчүлүктү таң калтырган. Элдин көбү алгач бул жоочулар Тажикстандын бийлиги менен элдешкиси келбеген оппозициянын өкүлдөрү болушу мүмкүн деп жоромолдошкон. Бирок иш жүзүндө андай эмес эле.

Ушул жерден «Өзбекстан ислам кыймылынын» таржымалы тууралуу айта кетели. 1999-жылдын февраль айында Ташкентте жардыруу болгон. Өзбек бийлиги бул чабуулду «вахабилер тобу» уюштурганын билдирип, динчилдерге каршы аёосуз күрөш баштаган. Анын натыйжасында өтө көп сандагы адамдар камалып калуудан коркуп, өлкөдөн качып кетишкен. Кийинчерээк алардын бир бөлүгү Тажикстандагы Жума Намангани жана Тахир Юлдашты колдогон өзбектердин катарына кошулганы белгилүү болгон.

Тажикстан өзү өлкөдө тынчтык орнотууну көздөп жаткандыктан өз аймагында мындай жоочулардын болушун каалаган эмес. Алардан арылууну көздөгөн. Андыктан тажик бийлиги оппозициянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, кайсы бир жол менен өзбек жоочуларын өз аймагынан чыгып кетүүгө көңдүргөн шекилдүү. Тилекке каршы ал согушкерлер Кыргызстандын түштүгүнө келишкен.

Баткенден Тажикстандын Исфара шаарына кеткен жол, 1999-жыл. Фото: Брюс Панниер.
Баткенден Тажикстандын Исфара шаарына кеткен жол, 1999-жыл. Фото: Брюс Панниер.

«Азаттык»: Айрым кабарларда 20 жыл мурда Баткен аймагында алгач байкалган жоочулар жергиликтүү элден тамак-аш сатып алганы, алардын колунда акча болгону айтылып жүрөт. Баткен облусуна кол салган «Өзбекстан ислам кыймылынын» ошол эле Жума Намангани жана Тахир Юлдаш жетектеген жоочулары ал учурда каражатты кайдан алган?

Брюс Панниер: Бул маанилүү суроо. Дал ушул маселеден улам мен Жума Намангани ким болгонун жакшы түшүнүп калгам. 1997-жылдын декабрь айында Фергана өрөөнүнүн Өзбекстандагы бөлүгүндө төрт милиция кызматкери киши колдуу болгон. Өзбек бийлиги өз иликтөөсүнүн жыйынтыгында милиция кызматкерлери «Ооганстандын түндүгү, Кыргызстандын түштүгү жана Өзбекстан аймагы аркылуу баңгизат ташыган кылмыштуу топ тарабынан өлтүрүлгөн» деген тыянакка келген. Дал ошол топту Жума Намангани жетектеп турган. Алар баңгизат соодасынан акча таап келишкен.

Тажикстандагы жарандык согуш маалында Намангани менен Юлдаш баңгизат соодасынын башкы маршрутун өздөштүргөн деп айтса болот.

«Азаттык»: Эми сиздин өзүңүздүн башыңыздан өткөн окуяларга токтололу. Баткен окуясынын кайсы стадиясында сиз аймакка бардыңыз эле?

Журналист Брюс Панниер (оңдо) Баткенде жергиликтүү тургундар менен, 1999-жылдын август жана сентябрь айлары.
Журналист Брюс Панниер (оңдо) Баткенде жергиликтүү тургундар менен, 1999-жылдын август жана сентябрь айлары.

Брюс Панниер: Мен Баткенге 1999-жылдын август айынын соңунда барып, сентябрь айына чейин жүргөм. Мен кетип жатканда дале туткундар барымтадан чыга элек болчу. Туткундардын маселеси ал жылдын октябрь айына чейин чечилген эмес. Керек болсо жоочулар жапониялык туткундарды тажик тоолоруна чейин алып кетпеди беле. Кийинки жылы (2000-жылы) «Өзбекстан ислам кыймылы» кайтып келгенде да аймакка барып келгем.

Биринчи жолу барганымда Баткен Ош облусунун бир бөлүгү болчу. Баткен шаарынын мэриясы деле өтө чакан эле. Ошол кезде шаарда 12-14 миңдей эле киши жашаса керек. Калаада бир гана мейманкана бар эле. Чынында ал кезде Баткенде көп нерсе деле жок болчу. Кийинки жылы барганымда Баткен өзүнчө облус болуп түзүлүп, көбүрөөк акча келип, көп нерсе өзгөрүп жатканын байкаганым бар.

1999-жылы биринчи ирет барганымда Кыргызстанда көпчүлүк эл Баткендеги окуяларга таң калып жатканын байкагам. Бишкекке жеткенимде кыргыз өкмөтү аскердик тажрыйбасы бар адамдарды, аңчыларды согушкерлерге каршы күрөшкө чакырып жаткан учур эле. Автоунаага түшүп, жолго чыкканымда кыргыз аскерлери отурган унааны көрүп калдым. Алардын баары жалпысынан аскер кийимдерин кийгени менен сырткы көрүнүшү ар башка эле.

Баткен шаары, 2000-жыл, Фото: Брюс Панниер.
Баткен шаары, 2000-жыл, Фото: Брюс Панниер.

Айрымдары буттарына ботус, кайсы бири сандал кийип алганын, дагы бирөө үстүнө аскердик кийим кийсе да шымы кадимки эле спорт шымы экенин көргөм. Бул адамдарга тез арада чогулууга туура келгенин түшүнүү кыйын эмес эле. Кийинки жылы барганымда көп нерсе жакшыраак уюшулганын, армиянын түштүк аймактардагы позициясы бекемделгенин көрдүм.​

«Азаттык»: Ал мезгилде мен 11 жашта болчумун. Ата-энем телерадиодон берилген кабарларды калтырбай угуп, Баткенде болуп жаткан окуяларга катуу кабатырланып турганы эсимде. Сиз Баткендин өзүндө жүргөнүңүздө эл ичинде маанай кандай эле?

Брюс Панниер: Бир жагынан жергиликтүү элдин кооптонуп турганын байкоо кыйын эмес эле. Ал кезде Баткен шаарында тоолуу айылдардан убактылуу жер которуп келген адамдар көп болчу. Алардын айрымдарына Спорт стадионунда жана Улуттар уюмунун качкындар агенттигинин чатырларында убактылуу баш калкалоого мүмкүнчүлүк берилген. Ал кезде «жоочулар тоодон түшүп келсе, эмне кылабыз?» деген тынчсыздануу бар эле.

Ошол эле учурда Баткен окуясына чейин бул аймакты көп киши билчү эмес. Бишкекте же Таласта жашаган адамдар Баткенди картадан гана көрбөсө, ал жактагы жашоо тууралуу маалыматы аз болчу.

Анан кокустан эле Баткен бүтүндөй өлкөнүн көңүлү бурулган аймак болуп чыга келди. Орусиянын маалымат каражаттары барышты. Кыргыз өкмөтү аймакка чет өлкөлүк журналисттердин барышын каалабаса да жапон жарандарынын барымтага түшкөнүнөн улам жапониялык журналисттерди да киргизүүгө аргасыз болгон. Натыйжада бейкапар жашоо өкүм сүргөн Баткен Кыргызстандын гана эмес, коңшу өлкөлөрдүн да көңүлү бурулган аймакка айланган.

«Азаттык»: Сиз 1999-жылы сентябрь айында, дале окуялар өнүгүп жаткан маалда Баткенден чыгып кетүүгө аргасыз болгон экенсиз. Эмне үчүн шашылыш кетүүгө туура келгенин түшүндүрүп бересизби?

Брюс Панниер: Албетте, ал учурда көп окуялар болуп, коменданттык саат өкүм сүрүп жаткан. Кечкисин сыртка чыкпашың керек эле. Маал-маалы менен аскердик унаалар эки-жакка каттап, тик учактардын добушу угулуп турчу. Күн сайын армия өкүлдөрү маалымат берип жатышкан.

Ал кезде адам өмүрү кыйылган учурлар болуп жатканын билгенбиз. Бирок канча киши каза тапканы белгисиз болчу.

Баткендеги базар, 1999-жыл, Фото: Брюс Панниер.
Баткендеги базар, 1999-жыл, Фото: Брюс Панниер.

Ал күнү мен Баткендеги мейманканада болчумун. Нөөмөттө отурган кызматкер чуркап келип, эшигимди каккылай баштады. Ал «азыр дароо чыгып кетишиң керек» деди. «Эмне болуп кетти?» десем, «Өзбекстан ислам кыймылынын» жоочулары тоодон түшө баштаганын, Баткендин түштүк, чыгыш жана батыш тараптарында да болушу мүмкүндүгүн, алар Ошко бараткан жолду бууп коюушу мүмкүндүгүн айтты. Ал «эгер кетишиң керек болсо, тез чыгып кетишиң керек» деди. Андыктан айдоочубуз менен кошо дароо жолго чыктык.

Эртең мененки убакыт болчу. Жолдо кетип баратып, айрым айылдардын бош калганын көрүп, ого бетер үрөйүбүз учту. Ал күнү таң эрте чай кайнаткан, эртеңки менен тамак даярдаган адамдардын бири да жок эле. Жергиликтүү тургундар мал-жандыктары менен коопсуз жерге кеткенин көрдүк. Биз уккан, кабатырлануу жараткан сөздөр аларга да жеткенин түшүндүк.

Албетте, жолдон куралчан адамдар чыгып калса, эмне кылабыз деп кооптондук. Бирок Сох анклавынын жанындагы Кыргызстандын Кара-Токой өткөрмө бекетине жеткенде жүрөгүбүз ылдыйлаганын билем.

Мейманкананын терезесинен тартылган сүрөт, Баткен, 1999-жыл. Фото: Брюс Панниер.
Мейманкананын терезесинен тартылган сүрөт, Баткен, 1999-жыл. Фото: Брюс Панниер.

«Азаттык»: Баткен окуясы Кыргызстан көз карандысыздыгын жарыялагандан сегиз жыл өткөндөн кийин гана орун алган. Ал мезгилде кыргыз армиясы азыркыдан кыйла алсызыраак экени белгилүү. Бул окуя Кыргызстандын өзүнүн аймактык бүтүндүгүн жана өз жарандарын коргоо маселесиндеги кандай кемчиликтерин ачыкка чыгарган?

Брюс Панниер: Аскар Акаев президенттик кызматтагы алгачкы жылдарында же 1990-жылдардын башында армияны дээрлик колдогон эмес. Ал «Кыргызстан Борбор Азиянын Швейцариясы болот» деген идеяны алга сүрөп келген. Чынында ал Кыргызстанга армиянын кереги деле жок деп ишенген. Бул катачылык болгонун 1999-жылдын август айларындагы Баткенде болгон окуялар айгинеледи. Бул окуядан кийин армияга көбүрөөк каражат бөлүүгө жана көбүрөөк көңүл бурууга туура келди.

Айтмакчы, Орусиянын чек арачылары Баткен окуяларынан бир аз мурда эле өлкөдөн кетишкен. Кезинде бул маселе да Баткенге кол салган жоочулардын кайдан келгени тууралуу түкшүмөл ойлордун жаралышына себеп болгон. «Балким, Орусия аскерлерин кайра Кыргызстанга алып келүү үчүн оюн ойноп жаткан жокпу?»,-деген суроолор берилген.

Кыргыз армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, Баткен, 1999-жыл. Фото: Брюс Панниер.
Кыргыз армиясынын жана коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү, Баткен, 1999-жыл. Фото: Брюс Панниер.

Кантсе да, Баткен окуяларынан кийин Кыргызстан коопсуздук маселелерин өзү гана чечиши керектигин түшүндү. Алдыда айтканымдай, мурда көңүл бурулбаган армия кыргыз өкмөтүнүн артыкчылык берген тармагына айланды.

Соңку 19 жылдан бери Кыргызстанда жоочулар байкалган жок. Бирок Ооганстандын жакын жайгашканын эске алганда болгон окуяларды эстен чыгарбаган туура болот.

«Азаттык»: Кыргызстанда Баткен окуялары көбүнесе чет өлкөлүк жоочулар кыргыз айылдарына кол салган учур катары гана эскерилип келет. Бирок Кыргызстандагы бул окуялардан бир аз мурда эле Тажикстанда жарандык согуш аяктаганын өзүңүз да айтып өттүңүз. Анын үстүнө Баткенге кирип келген жоочулар Өзбекстанга өтүүнү көздөшкөн эмеспи. Натыйжада Баткен окуяларына регионалдык контексттен кандай мүнөздөмө берсе болот?

Брюс Панниер: Бул кызык суроо. Жоочулардын бул тобунун багыты жана кызыкканы Өзбекстан болгон деп айтсак туура эле болот. Бирок алардын очогу Тажикстанда болгону түрдүү ойлорго жем таштаган. Тажик өкмөтү 1999-жылы да, 2000-жылы да «бул согушкерлер Тажикстандан келди» деген маалыматтарды четке каккан. Мындай билдирүү элдин башын ого бетер адаштырып койгон. Себеби жоочулардын Тажикстандан келгени анык болчу. Менимче, тажик өкмөтү тынчтык келишимине жана өлкөнүн согуштан кийинки имиджине доо кетиргиси келбей, «булар биздики эмес" деп билдирсе керек.

"Өзбекстан ислам кыймылынын" ошол учурдагы билдирүүсү, 1999-жыл.
"Өзбекстан ислам кыймылынын" ошол учурдагы билдирүүсү, 1999-жыл.

Кантсе да маселе Кыргызстанда, же Тажикстанда эмес, Өзбекстанда эле. Өзбек өкмөтүнүн өлкө ичиндеги мусулмандарга жасаган мамилеси жоочулардын тобунун түзүлүшүнө себеп болгон.

Баткенде кармаш адеп башталганда согушкерлер өзбек тектүү экени белгилүү болгон. Аны улай өзбек бийлиги өзгөчө Фергана өрөөнүндө динчилдерге каршы куугунтукту ого бетер күчөткөн. Натыйжада өлкөдөн качкан дагы көп адамдар ал жоочулардын жана Ооганстандагы согушкерлердин катарын толукташкан.

Өзбекстан жүздөгөн адамдарды кармоо менен маселенин тамырын кыркабыз деп ойлогон. Анын ордуна он миңдеген каршылаштарды пайда кылды. Андыктан бул маселеге Кыргызстандын аралашып калганы өкүнүчтүү. Себеби жоочулардын көздөгөнү Кыргызстан эмес болчу. Бул кишилер Тажикстандан Өзбекстанга өтүүнү көздөшкөн. Болгону Кыргызстан ортодо болуп калган.

Албетте, 2000-жылдын жайында «Өзбекстан ислам кыймылынын» Кыргызстанга мамилеси башкачараак болду. Алар кыргыз күчтөрү жоочуларга каршы күрөшө турганын түшүнүштү. Андыктан алар Кыргызстанга мурдагыдай байкоочу эмес, потенциалдуу душман катары мамиле кылууга өтүштү.

Брюс Панниер Баткендеги жыйынга келген жергиликтүү тургундар менен, 1999-жыл.
Брюс Панниер Баткендеги жыйынга келген жергиликтүү тургундар менен, 1999-жыл.

Ал жылы жоочулар Өзбекстандын чыгышындагы Сариосиё аймагына да келгенин билебиз. Анда 1999-жылга салыштырмалуу кеңирирээк аймакта кармаш жүргөн. Мен бул эки окуяны тең чагылдырганы баргам.

Ал кезде бул чөлкөмдө бардык нерсе урап бара жаткандай сезим жаралган. Себеби 1999-жылга салыштырмалуу 2000-жылы аёосуз куралдуу кармаштар болгон. Айтор, ал мезгилде Фергана өрөөнүндөгү кармашка Борбор Азиянын бакандай үч өлкөсү аралашкан. 2003-2004-жылдары Фергана өрөөнү чоң жарылуу болуп кетчүдөй аймак катары каралып турган.

«Азаттык»: Дал ушул үч өлкөнүн жоочуларга каршы күрөшүндө Орусиянын ролу кандай болгон? Сиз кандай мүнөздөөр элеңиз?

Брюс Панниер: Албетте, Орусия өзүнүн ролу тууралуу көп маалымат берген эмес. 1999-жылы өзбек тарапка [Кара-Тейиттеги аба соккуларынан кийин] Кыргызстанга аскердик учактарын жөнөтпөө талабы коюлган. Буга карабастан Баткенден тоо тарапты көздөй учактар байма-бай учуп турган. Биз алар кимдики экенин так билген эмеспиз. Бирок көп адамдар учактар Орусияныкы деп айтышканы эсимде.

Баткенге келе жаткан гуманитардык жардам, 1999-жыл, Фото: Брюс Панниер.
Баткенге келе жаткан гуманитардык жардам, 1999-жыл, Фото: Брюс Панниер.

​Албетте, жоочуларга каршы күрөштө кыргыз өкмөтүнө жардам берүү Орусиянын кызыкчылыгындагы иш болгону анык. Мындай жардам түздөн-түз көзгө чалдыкпаса да, Орусиянын армия өкүлдөрү кеңеш катары болобу, же техника жагынанбы, айтор, кыргыз тарапка болушунча көмөк көрсөткөнү бышык. Керек болсо 1999-жылы Кытай тарап да Кыргызстанга жардам көрсөтүү ниетин билдиргени кабарланган.

Ал жылы «Өзбекстан ислам кыймылы» менен түзүлгөн келишимге ылайык, Тажикстандын Табыл-Дараа аймагындагы жоочулар тик учак менен Ооганстандын түндүгүнө жеткирилиши керек эле. Алар Орусиянын чек арачыларына таандык тик учак менен жеткирилген. Кезинде бул жагдай да Орусиянын жоочулар менен байланышы тууралуу түрдүү ойлорго жем таштаган. Жеке өзүм ага ишенбейм. Бирок жоочуларды Ооганстандын түндүгүнө жеткирүү жараянында Орусиянын салымы болгону анык.

«Азаттык»: 1999-2000-жылдардагы окуялар, алардын ичинде Баткен окуясы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн оңой эмес сыноо болгону анык. Согушкерлерге каршы күрөштө Борбор Азиядагы бул үч өлкө канчалык бири-бири менен кеңешип иш алып барган?

Брюс Панниер: Дал ушул жагы өкүнүчтүү болуп калды. Мындай кырдаал келечекте кайталанбайт деп үмүттөнөбүз. Себеби үч өлкө дээрлик бири-бири менен кызматташкан эмес. Мисалы, Тажикстан жоочулар өз аймагынан келгенин эки жолу тең четке каккан. Андан башка келе турган жер жок эле.

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримов.
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев жана Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримов.

Өзбекстан жардам берүүнү сунуш кылса да, 1999-жылы «биз аскерлерибизди Кыргызстанга жөнөтөбүз, алар кыргыз тоолорундагы жоочуларды жок кылат» деп билдирген. Бул андай деле жакшы сунуш болгон эмес.

Себеби Өзбекстан - Борбор Азиядагы ири армиянын ээси. Жоочуларды жок кылууга канча убакыт кетери белгисиз болчу. Эгер 10 же 20 миң өзбек күчтөрүн өлкөгө киргизсең, алар жоочулар калбай калганына ынанып, жоокерлеринин баарын алып чыгып кеткенге чейин канча убакыт кетмек? Аскар Акаев Өзбекстандын өз армиясын Кыргызстанга жөнөтүшүн каалаган эмес. Мындай кадам өзбек тараптын ачуусуна тийген. Себеби алар ага даяр болушчу.

Мисалы, мага Баткенге жетүү үчүн Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу өтүүгө туура келген. Анда бул анклав мыкты бекемделген аскердик лагердей көрүнгөн. Аларда танкалар, кум толтурулган мүшөктөр, чүмбөттөлгөн артиллериялар бар эле. Алар бул аймакты коргоо даяр болушчу.

Баткенден кетип жатканда кайрадан Сох аркылуу өткөнүмдө өзбек коопсуздук күчтөрү мени үч саатка кармашкан. Алар: «Биринчиден, биздин аймак аркылуу өтүп жатканың үчүн сени кармаганга акыбыз бар. Экинчиден, Баткенде эмне көргөнүңдүн баарын айтып бер. Себеби кыргыз өкмөтү эмне болуп жатканын бизге билдирбей жатат», - деп айтышкан.

Мага бир офицер менен коопсуздук кызматынын өкүлүнө кайда барып, ким менен сүйлөшкөнүмдү айтып берүүгө туура келген. Аларга «Азаттыкты» уксаңар эле баарын билмексиңер деп айтканым да эсимде.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG