Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:59

“Өзбекстан ислам кыймылынын” жолбашчысынын агасы абактан чыкты


“Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары (видеодон алынган сүрөт)
“Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары (видеодон алынган сүрөт)

Маалымат каражаттарында жаңы эле тараган видео тасмада “Өзбекстан ислам кыймылынын” мурунку жетекчисинин агасы 23 жыл абакта отургандан кийин өткөн жылдын октябрь айында эркиндикке чыкканын жарыялайт.

11-январда өзбек тилдүү бир катар медиа каражаттар көрсөткөн Захид Юлдашевдин видео билдирүүсү анын эркиндикте экенин күбөлөндүрөт.

Террористтик кыймылдын негиздөөчүсү Тахир Юлдашев 2009-жылы Пакистанда америкалык дрондун соккусунан өлтүрүлгөн.

Ал Жума Намангани экөө 1990-жылдардын башында Ооганстанга качып барып, Каримовдун режимин кулатуу жана Борбор Азияда Ислам халифатын курууну көздөшкөн.

2000-2003-жылдары Кошмо Штаттар, Британия, Австралия, Канада жана Орусия “Өзбекстан ислам кыймылын” террористик уюм деп таанышкан.

Захид, Мухаммад жана Мамадин Юлдашевдер Өзбектанда 1990-жылдары камакка алынып, терроризм баштаган бир катар беренелер боюнча айыпталып, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Наманган шаарында жашаган алардын энеси Караматхан бир нече жолу коомчулукка чыгып, уулдарын айыптоого мажбур болгон.

Жаңы чыккан видеодо Захид Юлдашев президент Шавкат Мирзиёевди мактап, “элге камкордук көрүп” жана “мага окшоп жаңылып-жазгандардын көзүн ачып жатат” деп ыраазычылыгын айткан.

XS
SM
MD
LG