Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Исламчыл кол башчы Т.Юлдаш өлгөнү тастыкталды


Өзбекстан Ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Юлдаш, 2006-жыл.
Өзбекстан Ислам кыймылынын жетекчиси Тахир Юлдаш, 2006-жыл.

Өзбекстан Ислам кыймылынын жетекчиси, Ал-Каида тобу менен байланышкан, өзгөчө издөөдөгү өзбек Тахир Юлдаштын мындан бир жыл мурда өлгөнү жөнүндө маалымат интернетке чыкты. Өзбекстан Ислам кыймылы жаңы амирликке Усман Одилди тандагандыгы дагы жарыяланды.

Өзбекстан Ислам кыймылынын (ӨИК) маалымат тараткан булагы саналган Furqon.com интернет сайты өз жетекчиси Тахир Юлдаштын бир жыл мурда өлгөндүгү тууралуу маалымдады. Интернеттеги маалыматта Тахир Юлдаш мусулман жыл санагы боюнча туура бир жыл мурун ыйык Орозо айынын алтынчы күнү жан таслим болгону айтылат.

Буга чейин ӨИКтин кол башчысы бир нече жолу «өлүп-тирилген» болчу. Соңку жолу 2009-жылдын 27-августунда Пакистандан Ооганстан менен чектеш Вазиристан аймагында ракета менен жок кылынганы кабарланган. Furqon.com интернет сайты Тахир Юлдаштын бир нече жакындары менен өлтүрүлгөн сүрөттөрүн жарыялаган. Адатта, Аль Каида жана талиптер менен байланышкан козголоңчул лидерлердин өлүмүн тастыктоо өтө эле татаал.

Бул ирет ӨИКтин жаңы эмири Усмон Одил интернет сайта коюлган аудио жазууда «Мусулман жыл санагынын 1430-жылында Орозо айынын алтысында бейшембиден жумага оогон намаздан кийин түштүк Вазирстанда Тохир Рахимуллох [Тахир Юлдаш] бир канча мужахиддин боордоштору менен шейит кетти», деп ачыктайт:

Талиптер менен Ал Каиданын жакын өнөктөшү Юлдаш 1990-жылдардагы Борбор Азия чөлкөмүндөгү баш аламандыкка, Өзбекстан, Тажикстандагы исламчылардын козголоңдорунда негизги жетекчиликти аткарган бирден-бир колбашчы болгон.

Совет өлкөсү кулагандан кийин Юлдаш өзүнүн бала чактан берки досу Жумабой Кожаев экөө Наманган шаарында исламчыл «Товба» кыймылын түптөөгө жардамдашкан. Ал кыймыл болсо 90-жылдардын башында Наманган шаарына шарият жолу менен башкарууну киргизүүгө аракеттенген.

1991-жылдын декабрында президент И.Каримов Наманган шаарына келгенде Юлдаш өзбектердин журт башын эл алдында кантип мамлекетти башкарууга «окутканына» көпчүлүк күбө болгон. Андан кийин Юлдаш менен Кожаев кара тизмеге илинип, 1992-жылы коңшу Тажикстанга өтө качкан.

Жарандык согушка баткан Тажикистанда алар Ислам Кайра Жаралуу партиясына кошулган. Айрым маалыматтарда Юлдаштын Сауд Аравиясына жана башка араб өлкөлөрүнө барып ислам тууралуу түшүнүгүн кеңейткендиги да айтылат. Ал эми мурда Ооганстанда советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн Кожаев Тажикстанда талаа колбашчыларынын бирине айлангандыгы айтылат.

Юлдаш 1997-жылы согуш соңуна чыгып калганда Тажикстанга кайра кайтып келип, Кожаевди таап, өзбек өкмөтүнө элдешкис согуш ачкан Жума Наманганиге кошулат. Алар кийинчерээк Кыргызстандын түштүгү аркылуу Ооганстандан келген маң заттарды көзөмөлдөп турушкан. Айрым маалыматтарда исламчылар Өзбекстанга кайтып келүүнү көздөгөнү айтылат. Өзбек бийликтери аларды 1999-жылдагы Ташкендеги өкмөттүк имараттарды бутага алган жардырууларды уюштурган деп күнөөлөйт.

1999-жылы Кыргызстандын түштүгүнө баскынчылардын тобу түшүп, тоо боорундагы кыштакты ээлеп, төрт жапон геологун барымтага алган окуяны Юлдаш менен Намангани башында турган Өзбекстан Ислам кыймылы уюштурганы, алар өзбек өкмөтүн жок кылууну көздөгөнү айтылган билдирүү таратылган. 1999-2000- жылдардын жайында ӨИК өзүнүн таасирин Фергана өрөөнүндө күчөткөнү менен өзбек бийлигине каршы аракеттери оңунан чыккан эмес.

11-сентябрдагы АКШдагы террактан кийин Намангани Ооганстандын Кундуз провинциясында америкалыктардын бомбалоосунан өлгөн. Т.Юлдаш болсо ӨИКтин калган каткан жактоочуларын чогултуп, Пакистандын Ооганстан менен чектеш аймагын байырлап жүргөн.

Furqon.com интернет сайты качан жазылганы белгисиз Юлдаштын үнүн жайгаштырган, анда ал ичээр суусу бүтүп баратканын билгендей мындай деп айтат:

«Мен Алладан сураарым, жашпы-карыбы менден ала турган аласасы болсо келип менден алсын. Мен Алланын алдында бардык милдеттеримди аткарууга сөз берем. Эч ким менден карызын сурагандан тартынбасын. Мен карызымды өзүм менен Жараткандын сотуна ала кетким келбейт, кеткен кишиге кайра жол жок.»

Өзбекстан Ислам кыймылынын жаңы лидери Усман Одилдин сүрөтү дагы Furqon.com интернет сайтына коюлуп, бирок ал жөнүндө жеке маалымат жок. Одил июнь айындагы Кыргызстандын түштүгүндөгү окуяга берген баасыны дагы ушул эле веб сайттан угууга болот:

«Кыргызстандын түштүгүндөгү соңку окуялар мусулмандарга каршы каапырлар уюштурган, башкарган кандуу окуя. Жапа чеккендер баягы эле карапайым мусулмандар: аялдар, кары-картаңдар жана балдар. Алла мусулмандарга оң жол – жихадга жол көрсөтсүн», дейт ӨИКтин жаңы эмири атанган Усман Одил.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн талип козголоңчуларына каршы согуштук аракеттерди күчөткөнү Өзбекстан Ислам кыймылы сыяктуу топтордун да аракеттерин чектеп жаткандыгын серепчилер айтууда. Ал эми Усман Одил өз устаты Т.Юлдаш күтүлбөгөн жерден көз жумгандыктан жихаддын мыйзамдарына ылайык анын өлүмү тууралуу маалымат бир жыл жашыруун кармалгандыгын айтат.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG