1979-жылдын 11-февралында Иранда акыркы шахтын режими кулатылып, бийликке Ислам революциясынын көсөмү Аятолла Рухолла Хомейни келген. Кырк жылдан бери өлкөнү ашынган шиит динаятчылары башкарып келатышат. Ыңкылап өлкөгө кандай өзгөрүүлөрдү алып келди? Биздин суроолорубузга ирандык журналист, "Фарда" радиосунун редактору Мохаммад Баграти жооп берди.
"Азаттык": Шах Реза Иранды модернизациялоо менен катар саясий эркиндиктерди чектеп келген экен. Ыңкылаптан кийин кандай өзгөрүүлөр болду эле?
Баграти: Ооба, шахтын маалында оппозиция кыймылдары, активисттер тарабынан бийликке саясий нааразылык айтылып келчү. Оппозицияны басмырлоо, кысымга алуу болуп келген.
Ошол эле маалда башка эркиндиктер, анын ичинде социалдык эркиндиктер камсыздалчу. Пахлавилерди сындабасаң эле өз пикириңди айтуу эркиндигине да жол берилчү. Биз дээрлик жарым кылым мурда болгон окуяларды сөз кылып жатканыбызды унутпайлы. Ошол жылдардагы эркиндиктердин стандарттары менен салыштырганда Иранда эркиндиктердин түрдүү өңүттөрү бар болчу. Шахтын жеке өзүнө каршы саясий оппозиция гана басмырланып, аёосуз чара көрүлчү.
Мисалы, премьер-министр, министр же башка аткаминерлерге каршы сын айтылса, гезиттерге жазылса, реакция анча катуу болчу эмес. Гезиттер саясатчыларды дээрлик эркин эле сындап келишчү. Бирок шах Резаны, Пахлави династиясын сындоого уруксат берилчү эмес.
"Азаттык": Азыркы жаштар ыңкылап тууралуу эмне дешет?
Баграти: Революция болгон күндөн алыстаган сайын шахтын, Пахлавилердин режимин самагандар көбөйгөндөй. Бул табигый көрүнүш. Себеби Иран азыр кыйын учурду баштан кечирүүдө. Саясий да, экономикалык да кырдаал оңой эмес.
Эң негизги эл керектөөчү товарларга баалар өсүүдө, инфляциядан улам күндөн күнгө акчанын куну качууда. Артты кылчайып караганда, албетте, социалдык эркиндиктер кепилденгенин, аялдар каалаганын кийип жүргөнүн эстешет. Жеке мамилелерге эч ким кийлигишчү эмес, идеологиялык катуу көзөмөл, бүгүнкүдөй куугунтуктоолор, башкача көз караштагы адамдарды камакка алуу жок болчу.
Жогоруда айтылган кыйынчылыктар күн санап тереңдеген, шахтын доорунан алыстаган сайын ошол жарым-жартылай эркин, социалдык эркиндиктер жагынан толугу менен эркин Иранды эңсөө пайда болууда.
Экономиканын ошол кездеги жана азыркы абалын салыштыруу мүмкүн эмес. Шахтын учурунда экономика гүлдөп өскөн, Иран Түштүк Кореядан алдыда болчу. Бүгүн биз Түштүк Корея өңдүү өлкөлөрдөн да алда канча артта калдык. Эл аралык деңгээлде да шах Батыш өлкөлөрү – АКШ, Европа менен жакшы мамилелерди сактап келген. Өнөр жайды өнүктүрүү багытында көп иштер жасалган. Мунун бардыгы көптөгөн адамды өткөн чакты эстеп, өкүнүү менен кароого түртөт. Албетте дагы бир топ адамдар революциянын принциптерине, идеологиялык режимге ишенишет.
"Азаттык": Революция принциптери демекчи, дегеле ыңкылаптын шахты төңкөрүүдөн башка дагы кандай максаты бар эле?
Баграти: 40 жыл мурунку ыңкылапчылар эмнени каалашпаганын так билишкен. Шах Резанын бийликте калышын каалашкан эмес. Бирок эмнени көздөшкөнүн жакшылап айта алышчу эмес. Ар кайсы партиялардын арыздануу, даттанууларын чогултуп туруп алдыга чыгышкан. Солчулдар, марксисттер, улутчулдар, динчилдер, кыскасы түрдүү фракциялар шахты өлкөдөн кууп чыгаруу үчүн биригишкен. Ар бири "макул, ыңкылап ишке ашсын, жеңели, анан биздин партия бийликке келет" деп ойлошчу. Бардыгы эле ошентип план түзүшчү. "Революциянын лидери Аятолла Хомейни ушундай чоң таасирге ээ болот, ага атаандаш чыккандарды бийликке жолотпой ушундай күч менен басат, куугунтуктайт" деп эч кимиси элестете да алган эмес.
"Азаттык": Жогоруда социалдык эркиндиктер, аялдардын укуктары тууралуу айттыңыз. Ошол эле маалда бул жаатта, айталы Сауд Арабияга караганда Ирандагы абал жакшырак го?
Баграти: Ооба, бирок маселе биз өзүбүздү ким менен салыштырганыбызда. Шах режиминин учурунда ирандык аял Европадагы аялдар менен бирдей эркиндиктерге ээ болчу. 50-60 жыл илгери аялдар шайлоого катыша алчу, андай укукту шах берген. Эң өкүнүчтүүсү - азыр ирандык аялдардын эркиндик-укуктарын Батыш демократияларындагы аялдар менен эмес, Сауд Арабия өңдүү башка басмырлоочу режимдер менен теңеп калдык. Ирандык активисттер дал ушул жагдайга басым жасашат.
Бир кездери биз социалдык эркиндиктерди камсыздоо жагынан кеминде региондо - Жакынкы Чыгышта алдыңкы орундарда болчубуз. Ушу тапта Сауд Арабияда бир топ реформалар жүргүзүлүп жатат. Дүйнөнүн башка жерлеринде аялдардын машине айдаганы кадыресе көрүнүш болушу мүмкүн. Бирок Саудия үчүн бул чоң жетишкендик. Айтайын дегеним, падышалык жарандык эркиндиктерди жакшыртып жаткан маалда Иран тескерисинче артка кетти. Биз күнүмдүк укуктарыбыз үчүн күрөшүүгө мажбурбуз.
Азыр, алсак, маданий тармакта өнүгүү, кандайдыр бир эркиндиктер бар, белгилүү артист, чеберлер Иранга келип, концерт, оюн тартуулашат. Социалдык эркиндиктер болсо абдан чектелген. Саясий эркиндиктер ыңкылапка чейин жок болчу, азыр да жок.
Негизи мен пессимист көрүнгүм келбейт, бирок чындык, реалдуулук ушундай. Тилекке каршы эч кандай өнүгүү жок, атүгүл көп чөйрөдө артка кетип жатабыз.