Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

«Талибан» Түркияны Ооганстанда күчтөрүн калтырбоого чакырды


"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү. Москва, 7-июль, 2021-жыл.
"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү. Москва, 7-июль, 2021-жыл.

«Түрк бийлигинин ойлонулбаган чечими биздин суверенитетке, аймактык бүтүндүгүбүзгө доо келтирип, улуттук кызыкчылыгыбызга каршы келет»,-деп жазылган талибдердин 13-июлда таратылган билдирүүсүндө.

Анкара буга чейин Кабул аэропортун коргоо үчүн эл аралык коалициянын курамындагы түркиялык аскерлерди калтыруу чечими каралып жатканын жарыялап, ооган өкмөтү жана Вашингтон менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалаган.

Түркиялык аскерлер буга чейин стратегиялык мааниге ээ Кабул аэропортунун коопсуздугун камсыздап келишкен.

Талибдер учурда Ооганстандын райондорунун үчтөн бирин көзөмөлдөп турат. Алар өз чабуулдарын 1-майда, АКШнын жана НАТОнун күчтөрү чыгарыла баштагандан тартып күчөтүшкөн.

Жоочулар жакын арада Кабулду басып алышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.

Ооганстандын президенти Ашраф Гани аймактагы кырдаалга жеринен күбө болуу үчүн түндүктөгү Балх провинциясынын борбору Мазари-Шариф шаарына жөнөп кеткени маалым болду. Калаа өзбек-ооган чек арасынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG