Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Байден: АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы 31-августта аяктайт


АКШнын президенти Жо Байден
АКШнын президенти Жо Байден

АКШнын Ооганстандагы аскердик миссиясы 31-августта аягына чыгат. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден бейшембиде билдирди. Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө президент америкалыктар өз убагында Ооганстанга бул өлкөнүн мамлекеттүүлүгүн бекемдөө үчүн кирбегенин белгиледи. Ал ооган эли өз өлкөсүнүн тагдырын аныкташы керектигин айтып, “азыр ооган лидерлери биригип, келечекке багыт алышы керек” деди.

Жо Байден Ооганстандан аскерлерди эртерек чыгаруу туура экенин билдирип, “ылдамдык - бул коопсуздук” деп айтты. АКШ президенти билдирүүсүндө Ооганстанда америкалык аскерлер менен иштегендерге коопсуздукту убада кылды. “АКШда баарыңар үчүн үйүңөр бар” деген Байден Вашингтон июлдан тарта атайын виза алгандар үчүн Кошмо Штаттарга каттамдарды уюштурарын убада кылды. Буга чейин 2500дей оогандык Кошмо Штаттарга иммиграциялык виза алышкан.

Жо Байден АКШнын президенттигине киришкен соң Ооганстандан америкалык аскерлерди 2021-жылдын 11-сентябрына чейин чыгарарын жарыялаган. Мындан 20 жыл мурун дал ушул 11-сентябрдагы АКШга жасалган террордук чабуулдардан соң Ооганстандагы “Талибан” кыймылы жана “Аль-Каида” террорчул операцияларды баштаган эле.

АКШ баштаган НАТОнун коалициялык күчтөрү аскерлерин чыгара баштаган мезгилде Ооганстанда “Талибан” кыймылы жанданып, өлкө түндүгүндөгү бир нече районду ээлеп алды. Мындан улам айрым ооган аскерлери Тажикстандын аймагына кире качкан. Ооганстандагы соңку кырдаал Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн да тынчсыздануусун жаратууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG