Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Талибандын өкүлдөрү Москвада орус расмийлери менен жолукту


"Талибандын" өкүлдөрү Москвадагы маалымат жыйынында
"Талибандын" өкүлдөрү Москвадагы маалымат жыйынында

Талибан кыймылы Ооганстандагы жүрүштөрү менен Борбор Азия мамлекеттерине коркунуч туудурбай турганын Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 9-июлда билдирди.

Бул тууралуу Москвада Талибан кыймылынын өкүлдөрү жана орус бийлигинин расмий адамдары менен бейшембиде өткөн сүйлөшүүдө сөз болгон.

«Интерфакс» агенттиги маалымдагандай талибдерге орус президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов жолуккан. Министрлик билдиргендей, Талибан учурда ооган-тажик чек арасынын 85% өз көзөмөлүнө алды.

Анткен менен бул маалымат расмий ырастала элек. Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, ооган-тажик чек арасында чагымчыл аракеттер же агрессия жаралса, Орусия башында турган Жамаатык коопсуздук келишим уюму жана Москва чечкиндүү кадамдарга барат. Ошондуктан мекеме тараптарды «сабырдуулукка» чакырды.

Талибан кыймылы Ооганстандын бир катар аймактарын, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорун ээлеп калган. Мындан улам жүздөгөн ооган аскерлери Тажикстанга кире качкан.

Бир күн мурда Кремль Тажикстанга көмөк көрсөтөрүн, бул үчүн керек болсо орус аскердик базасынын да мүмкүнчүлүктөрүн колдонорун билдирген.

Тажикстандын аймагында Орусиянын 201-аскердик базасы бар. «Интерфакс» белгилегендей, бул - Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик объектиси.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG