Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:55

Гаитинин президентин өлтүрүүгө 28 адам шектелүүдө


Гаитинин киши колдуу болгон президенти Жовенель Моиз жана биринчи айым Мартин Моиз.
Гаитинин киши колдуу болгон президенти Жовенель Моиз жана биринчи айым Мартин Моиз.

Гаитинин полициясы президент Жовенель Моизди өлтүрүүгө шектелген топ 28 адамдан турганын жарыялады. Полициянын башчысы Леон Шарльдын айтымында, Колумбиянын 15 жана АКШнын эки жараны кармалды. Үч колумбиялык полициянын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Учурда сегиз адам изделүүдө.

Гаитинин полиция башчысы маалымат жыйынында президентти өлтүрүүгө шектелгендерди журналисттерге көрсөттү. Бийлик алардын жанынан курал-жарак, Колумбиянын паспорттору, рация табылганын билдирүүдө.

Леон Шарль Моизди өлтүрүүгө буйрук бергендер аныкталып жатканын кабарлады.

Жовенель Моизди жеке менчик резиденциясында белгисиз адамдар 7-июлга караган түнү атып кетишкен. Маалыматтарга караганда, кол салгандар Американын маңзатка каршы күрөшүү агенттигинин кызматкерлеринин формасын кийип алышкан. Чабуулда биринчи айым Мартин Моиз да оор жаракат алып, АКШга дарыланууга жөнөтүлгөнү кабарланды. Президенттин коопсуздук кызматкерлери кол салуу маалында шалаакылык кылган деп шектелип, сурак берип жатат.

Гаити дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн бири. Соңку күндөрү Жовенель Моиздин бийлигине каршы акциялар өтүп, президентти коррупцияга жана куралдуу топтордун жетегине түштү деп айыптап жатышкан.

XS
SM
MD
LG