Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

"Талибандын" өкүлдөрү Түркмөнстанга келди


"Талибандын" өкүлдөрү Түркмөнстанда. 2021-жыл, февраль
"Талибандын" өкүлдөрү Түркмөнстанда. 2021-жыл, февраль

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Ашхабадга келип, Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу талибдердин Катардагы өкүлү Мохаммад Найим билдирди. Анын айтымында, Ооганстанда өкмөттүк күчтөргө каршы кол салып жаткан кыймылдын өкүлдөрү Ашхабадга түркмөн бийлигинин чакыруусу менен келишкен. Найим талибдер түркмөн тарап менен саясий жана экономикалык байланыш, коопсуздук маселесин талкуулаган.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлигине жакын бир нече булак "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна талибдер Ашхабадга 10-июлда барганын ырастады. Делегацияны "Талибандын" Катардагы кеңсесинин башчысы Шер Мохаммад Аббас Станикзай жетектеп келген. Анда түркмөн тарап расмий Кабулду нааразы кылбаш үчүн бул сапарды ачыкка чыгарууну каалабаганы белгилүү болду.

Жолугушууда Түркмөнстандын аймагына кол салбоо жана качкындарды келтирбөө боюнча маселе талкууланганын атын атагысы келбеген булактардын бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди.

Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Соңку апталарда талибдер Ооганстандын Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарын да өз карамагына алды. Мындай кырдаал Ооганстан менен чектешкен Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн тынчсыздануусун жаратууда.

Түркмөнстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 800 чакырымга созулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG