Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамдын тобокелчилиги


Укук коргоочулардын акциясы, 22-май, 2020-жыл.

Жогорку Кеңеш кабыл алган “Коммерциялык эмес уюмдар”, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдардагы өзгөртүүлөргө президент Садыр Жапаров 17-июнда кол койду.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык коммерциялык эмес уюмдар эми каржы булагы, мүлкү, чыгымы, кызматкерлеринин саны, алардын эмгек акысы тууралуу Юстиция министрлигине милдеттүү түрдө отчет берет. Ал отчеттор Каржы кызматынын сайтына илинет.

Аталган мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште узак талкууланган жана жарандык коомдо олуттуу каршылыкка тушуккан, эл аралык укук коргоо уюмдарын тынчсыздандырган документ болуп калды.

Президент Садыр Жапаров өз комментарийинде мыйзамдын максаты ачык-айкындыкты гана камсыздоо деп түшүндүрдү. Жарлыкка ылайык, 17-июлда күчүнө кирген бул мыйзамды ишке ашыруу тартиби белгисиз. Кыргыз өкмөтү анын иштөө механизмдери кандай болору тууралуу комментарий бере элек.

Жаңы өзгөрүүлөр бейөкмөт уюмдардын ишмердигине кандай таасир этет? Кандай тобокелчиликтер күтүлөт? Мыйзамдын күңгөй-тескейин “Азаттык" укук коргоочу Азиза Абдирасулова, Антикоррупциялык ишкер кеңеш уюмунун жетекчиси Нурипа Муканова менен "арай көз чарай" талкуулады. Талкуунун урунттуу жерлерин окурмандарга сунуштайбыз.

Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Азиза Абдирасулова: - Ачык-айкындык жагынан чоң өзгөрүү деле болбойт. Ал мурунтан эле бар болчу да. Салык кызматына, Социалдык фондго, Улуттук статистика комитетине айлык, кварталдык, жылдык отчеттор берилип келген, чыгымдалган акча, жумуш орундары боюнча соцфондго пенсиялык фондго, салыкка кеткен акчага тиешелүү отчеттор фискалдык органдарга берилип келген.

Болгону ошол биздин жасап жаткан иш Юстиция министрлигине кошумча жүк болот. Министрлик атайын сайт ачып, отчетторун алып туруш керек. Жер-жерлердеги башкармалыктарда атайын кызматтар иштеп, аны ишке ашыруунун механизмдери иштелип чыгып, ага кошумча акча сарпталыш керек.

Бул жерде башка маселеге токтолгум келет. Тандалма мамиле болуп жатат. Мисалы, коммерциялык эмес уюмдарга акча албай иш жүргүзгөн бардык уюмдар кирет. Алардын катарында өкмөттөн акча албаган жалпыга маалымдоо каражаттары, саясий партиялар, диний мекемелер, мечиттер, медреселер, кесиптик кошуундар бар. Айыл өкмөттөрү алдына суу, жол, ж.б. боюнча иштеген уюмдарга (СОПФ) коммерциялык эмес уюм катары эсеп ачып, ошол уюмдар аркылуу иш жүргүзүшөт. Ушулардын ичинен тандап, балдардын, аялдардын укуктары менен иштеген, кыйноолорго каршы иштеген адам укугуна таасири бар, түздөн-түз коргогон жана мамлекетке "мына бул жерде туура эмес кылып атасыңар" деп каяша айткан уюмдарга карата мыйзамды кабыл алганы мени өкүндүрөт.

Диний мекемелерге, жабык, жарым-жартылай жабык медреселерге кайдан акча келип атат, кимдер окуп атат, кандай билим берилип, кандай саясат жүрүп атат? Эч ким билбейт. Экинчиден, мамлекеттин саясатына түздөн-түз таасир этчүлөр - саясий партиялар. Парламент аркылуу бийликке барган ошолор.

Бул тандалма мамиле. Себеби эмнеде? Мисалы, бул жерде парламент аркылуу мамлекеттик кызматка келип аткан ошол эле саясий партиялар кайдан акча алып, кантип бийликке келип атканыбызга, биздин ишибизге бейөкмөт уюмдар кийлигишпесин, айтпасын деген өзүн-өзү коргоо саясаты бар.

- Нурипа айым, сиз президентти аталган мыйзамга кол койбоого чакырган 175тен ашык бейөкмөт уюмдун кайрылуусуна кол койгон эмес экенсиз. Мыйзамды колдоого кандай жагдайлар түрткү болду?

Нурипа Муканова
Нурипа Муканова

Нурипа Муканова: -Менин пикирим мындай, коммерциялык эмес уюмдарга коомдук бирикмелер, мекемелер, фонддор кирет. Ошол фактор менен кайсы уюм каттоодон өтсө, ошолор азыркы мыйзам боюнча иштешет. Мен жетектеген уюм да ушуга кирет. Азиза айым айткан кайрымдуулук фонддорунун, саясий партиялардын, диний уюмдардын, кесиптик кошуундардын - бул категориялардын ар биринин өзүнчө мыйзамдары бар.

Ал эми коммерциялык эмес уюмдар Кыргызстанда – 24 миңдей. Анын 90 пайызы Бишкек менен Ош шаарларында иштейт. Калган 10 пайызы аймактарда иштейт. Каржы булагына келсек, 100 пайызы өнүгүү боюнча донорлордун грантынан каржыланат.

Ачык жарыялоо ишмердикке тоскоолдук кылат деп ойлобойм. Себеби, азыр деле отчетун жайгаштыргысы келген уюм өзүнүн сайтына жайгаштырат. Ошону эле салык кызматынын сайтына жайгаштырыш керек. Жалпысынан 300дүн тегерегиндеги бейөкмөт уюмдардын эле каржы булактары бар. Бейөкмөт уюмдардын калгандары (60 пайыздайы) "нолевой отчет" менен эле келатат. Аларга каржы булактарын, өздөрүнүн отчетун көрсөтүү оор деле иш эмес. Эмне дегенде Азиза айым айтып атпайбы, жылына салык кызматына беребиз, декларациялык форманы толтурабыз, Улуттук статистика комитетине жылына эки жолу отчет тапшырабыз деп. Ошол эле отчетту салык кызматынын сайтына илип коюш керек. Бирок, азыркы отчеттордо биз каржы булагын жазбайбыз да, кайдан келгенин.

- Жаңы мыйзамдагы талаптар адам укуктарына шек келтирбейби?

Азиза Абдирасулова: - Шек келтирет. Мен бир мисалды айтайын. Калп айтпасам, 2017-жыл болушу керек, Садыр Жапаров тууган-уруктары менен келгенде 12 киши кармалып, токмок жеген. Алардын ичинен төртөөнө биздин уюм “милициядан токмок жеди” деп, адвокаттарды бергенбиз, аларды жалдаганга кайсы-бир каржы булактан каражат тапканбыз. Адвокаттар, кээ бир жабырлануучулар менен бир жылдап, жарым жылдап иштеди. Эми мен ошол каржыны кайсы жерден алдым, кимди коргодум, кайсы адвокатка бердим... Азыр мисалы, адвокат Садыр Жапаровдун баласын коргоду же инисин коргоду деп мен көрсөтүшүм керек болот да.

Мындайлар менде миңдеп саналат. Мисалы, кызмат өтөп жаткан аскерлер “ур-токмокко кабылдык” деп кайрылышат. Же түрмөдө отурган адам “мен ушундай абалга келип калдым” деп кайрылат. Мен алардын аты-жөнүн айта албайм да. Же үй-бүлөлүк зомбулук, зордукталган кыз-келиндер, аялдар кайрылышат. Биз аларга эки жактан тилемчилик кылып акча таап келип, адвокат берип, аларды коргойбуз. Бул мыйзамда менден талап кылып атат: ошол акчаны кайдан алдың, кайда жумшадың деп. Бизде “зыян кылба” деген түшүнүк бар. Мен коргоого алган адамдардын көбү "менин аты-жөнүмдү айтпа, бирок коргоп бер, муктажмын" дейт. Мен кантип иштешим керек?

Бул жерде маселе каржыда эмес. Акчаны жашырып чөнтөгүбүзгө донорлор салдырбайт, центке чейин санашат. Уурдап алгым келип, акчаны жашырып койсом, кийинки донор мага каржы бербей коет. Мен ашыкча акчага эмес, кайрылгандардын укугун коргоого кызыкдармын. Мен ушул мыйзам менен кантип укугу бузулгандардын арызын алам? Кантип сайтка илем? Жалгыз мен эмесмин. Мисалы, “Кыйноолорго каршы коалиция” деген чоң уюм бар, тутумуна 18 уюм кирет. Булар түрмөдө азап тарткандар менен иштейт.

Нурипа Муканова: - Андай отчет болбойт. Болгону каяктан алды, эмнеге кетти дегенди гана көрсөтүш керек. Жанагыдай тегиз отчет каржылаган булакка гана берилет.

- Кандай тобокелчиликтер бар?

Нурипа Муканова: -Бейөкмөт уюмдардүн көбү борборлордо, региондордо алардын өкүлчүлүктөрү бар. Ошон үчүн региондо маселе жаралбайт. Бишкекте жаралышы мүмкүн. Себеби, иш Юстиция министрлигине берилет да. Ал жерде экономисттер жок, юристтер отурат. Ошондуктан, механизмдерин жакшылап ойлош керек.

Бул жакта бир эле маселени көрүп атам. Каржы булагын көрсөтүш керек: кайдан, эмне максат менен келди. Ошондон эле эмнегедир биз коркуп атабыз. Баарыбыз эле билебиз да, ким кайсы булактан, кайсы максатта каржыланып атат. Мисалы, коррупцияга каршы күрөшкөбү же адам укуктарынабы? Башка эч нерсе жок.

Бизде саясатка багытталган уюмдар бар да. Ошол эле бейөкмөт уюмдар саясий процесстерге катышып, мамлекеттик органдар менен кошо иш алып барып атат. Кайсы максатта, кайдан келди, кантип жардам берип атат деген суроо турат бул жерде. Көптөгөн саясий процесстерге кийлигишип атабыз, чынын айтканда. Маселен, “Ачык өкмөттө” ар бир мамлекеттик органдан отчет сурап атабыз. Биз экинчи министрлер кабинети болуп алдык.

Азиза Абдирасулова: - Мисалы, банкка акча түшөт да. Банк бизден кайсы долбоордун негизинде кайдан келди деп сурайт. Биз долбоордун бюджет бөлүгүн беребиз, ал банк Улуттук банкка берет. Ошондуктан, бейөкмөт уюмга келген каржы булак жабык дегенге болбойт. Өзүнүн багыты боюнча мунун бардыгы ачык-айкын.

Менин кайра эле айтып жатканым: иттин өлүгү кайсы жерде? Бийлик тарабынан кордолуп, укугу бузулган адамдар бизге кайрылбастан жабык калсын деп, мыйзам ошого багытталып калат деген менде коркунуч бар. Тобокелчилик ушунда.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG