Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:14

Путин чет элдик бейөкмөт уюмдар менен кызматташууга тыюу салды


Орусияда "кара тизмеге" киргизилген Бард коллежд. Студенттер анын Citizen Science илимий программасында. 22-январь, 2021-жыл. Нью-Йорк штаты.
Орусияда "кара тизмеге" киргизилген Бард коллежд. Студенттер анын Citizen Science илимий программасында. 22-январь, 2021-жыл. Нью-Йорк штаты.

Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык жарандарга жана юридикалык жактарга дүйнөнүн кайсы гана жагында болбосун, Орусия "ылайыксыз" же "ыңгайсыз" деп тапкан бейөкмөт уюмдардын ишмердигине аралашууга тыюу салган мыйзамга кол койду.

Документ укуктук маалыматтар порталына жарыяланды.

Мыйзам быйыл 1-октябрдан тарта белгилүү бир өлкөлөрдөн Орусияга жиберилчү акча которууларга да көзөмөл жүргүзүүнү карайт.

Андай өлкөлөрдүн тизмесин Росфинмониторинг мекемеси аныктап, көзөмөл тартиби тууралуу маалыматтар Орусиядагы бардык коммерциялык банктарга жөнөтүлөт.

Июнь айынын башында Мамдума Орусияда «ыңгайсыз» деп табылган эл аралык бейөкмөт уюмдарга финансалык кызмат көрсөтүү же алар үчүн каражат топтоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун киргизген.

Бул үчүн мажбурлоо жолу менен 360 саат жумушка тартуу же төрт жылга чейин эркин жүрүүсүн чектөө же эки жылга эркинен ажыратуу сыяктуу жаза чараларын чегерүү каралган. Мындай иш-аракеттер кайталанса, анда 10 жылга чейин эркиндигин чектөөгө байланыштуу жаза бекитилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG