Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:41

ЖК комитети жалган маалыматтан коргоо жөнүндө документти колдоду


"Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралган күнү, 25-июнда өткөн акциядан бир көрүнүш. Бишкек. 2020-жыл.
"Маалыматты манипуляциялоо" жөнүндө мыйзам долбоору парламентте каралган күнү, 25-июнда өткөн акциядан бир көрүнүш. Бишкек. 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июндагы жыйынында “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алды.

Документ парламенттин 2-июндагы токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыкты. Мыйзам долбоорунун автору, депутат Гүлшат Асылбаева долбоордун негизги максаты ар бир жарандын укугун коргоо жана такталган маалымат алууга шарт түзүү экенин айтты.

“Кимдин анонимдүү, фейк баракчасы жок болсо бул мыйзам долбоору ага тиешелүү эмес. Бул жерде сөз эркиндигине коркунуч келтирген эч нерсе жок. Себеби, анонимдүү баракчалардын үстүнөн сотко кайрыла албайсың”.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” долбоор сөз эркиндигин чектей турганын билдирип, сынга алды.

“Биздин президент Түркмөнстанда жүргөндө биз өлкөнү адам укугу, сөз эркиндиги боюнча Түркмөнстанга айлантканы турабыз. Мен бул мамлекетти жаман деген жокмун. Бирок биз ага түздөнбөшүбүз керек. Эгерде мени же сизди бирөө каралап, кылмыш кылды деп жалган маалымат берсе анын үстүнөн сотко кайрылса болот. Бул үчүн жаза каралган. Укуктук механизмдер бар. Болгону соттун чечимин аткарууда гана маселе бар”.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” долбоорду парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлдү.

Демилгенин автору Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан "фейктерге" каршы багытталганын айтып келет.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган документ жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына туш болгон. Бишкекте ага каршы бир нече митинг өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG