Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Тажикстан: жумушчулар кытайлык компанияга нааразы


Алтын кениндеги жумушчулар. Тажикстан.
Алтын кениндеги жумушчулар. Тажикстан.

Тажикстанда кен иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын жергиликтүү жумушчусу ишканадагы тамак-аштын сапатына нааразылык билдирип иш таштады. Өткөн аптада жетекчилик көйгөйдү чечүүгө убада бергени менен абал өзгөрүүсүз калууда.

Тажикстандын Айни районундагы "Кумарги Боло" алтын кенин иштетип жаткан кытайлык ТВЕА компаниясынын 200гө жакын жумушчусу иш таштады. Маалыматка караганда, 25-июнда жергиликтүү жумушчуларга кезектеги күрүч жана арпа акшагы берилген. Алар мындай тамакты ичүүдөн баш тартып, жерге төгүп салышкан.

Жерге төгүлгөн тамак.
Жерге төгүлгөн тамак.

Иш таштаган айрым жумушчулар "Озоди" радиосу менен байланышып, компаниянын жетекчилери тамак-аш маселесин чечүүнү убадалашкан, бирок абал өзгөрбөгөнүн айтып беришкен.

"Бизге сууга кайнатылып бышырылган, эти жок тамак берип жатышат. Кен болсо, бийик тоолуу жерде жайгашкандыктан, жумушчулар колориялуу азыктар менен тамактанышы керек. Биздин акциядан кийин жетекчилик маселени чечүүнү убада кылган. Бирок ал аткарылган жок. Ошентип, бир күн биз түшкү тамаксыз калдык, кечки 5те гана картөшкө кууруп беришти",- деди жумушчулардын бири.

Бул окуя боюнча ТВЕА компаниясынын жетекчилиги менен Айни районунун бийлик өкүлдөрү бул боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

"Жогорку Кумарг" алтын кени.
"Жогорку Кумарг" алтын кени.

Кенде иштеген катардагы жумушчулардын эмгек акысы 3200 сомони, башкача айтканда 280 доллардын тегерегинде. Өлкөдөгү экономикалык таңкыстык жана азык-түлүк кымбатчылыгынан улам жумушчулар аз маянага кайыл болуп иштөөгө мажбур. Анткени, тоолуу аймакта башка жумуш таап иштөөгө мүмкүнчүлүк жок экенин айтышат.

Аймактык кабарчы 28-июнда да абал өзгөрүүсүз калганын, ТВЕА компаниясынын жумушчуларынын тамак-ашы жакшырбаганын кабарлады.

Тажикстанда буга чейин да жергиликтүү жумушчулар укуктары бузулуп жатканын билдирип, кытайлык компанияларга нааразылыктарын айтып келишкен. Быйыл апрелде жумушчулардын укуктарын бузганы үчүн акцияларына кытайлык China Nonferrous Gold Limited (CNG) компаниясы ээлик кылган “Покруд” биргелешкен ишканасына 1500 сомони (133 доллар) айып пул салынган.

Тажикстандын Калктын социалдык жактан корголушун көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы компанияны текшерүү учурунда аныкталган мыйзам бузууларды бир айдын ичинде жоюуга милдеттендирген. Мекеменин билдирүүсүндө кытайлык жумуш берүүчүлөр Саламаттык сактоо министрлигинин сунушуна карабастан, ишканадагы жумушчулар үчүн үч жумалык карантин киргизгени жазылган. Бул аралыкта жумушчуларга кендин аймагынан чыгууга тыюу салынган.

Дүйшөмбү шаарында өкмөттүн жаңы имаратынын курулушу.
Дүйшөмбү шаарында өкмөттүн жаңы имаратынын курулушу.

Быйыл жыл башында Дүйшөмбү шаарынын чок ортосунда Тажикстан өкмөтүнүн жаңы имаратын куруп жаткан "Чиангду" компаниясынын жумушчулары да "начар эмгек шарттарына" жана укуктарынын бузулуп жатканына даттанышкан.

Тажикстандык жумушчулар нааразылык билдирген ТВЕА компаниясы 2018-жылы Айни районундагы "Жогорку Кумарг" жана "Чыгыш Дуоба" алтын кендерин иштетүүгө лицензия алган. Мындай укук компанияга “Душанбе-2” жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) курулушуна короткон каражатын кайтарып алуу үчүн берилген. Сөз болуп жаткан долбоордун жалпы баасы 340 миллион долларды түзгөн. Анын 331 миллион долларын Кытайдын "Эксимбанкы" жеңилдетилген насыя катары берсе, 17,4 миллионун Тажикстандын “Барки Точик” энергохолдинги бөлгөн.

Бул кытайлык инвесторлорго берилген Тажикстандагы жалгыз алтын кени эмес. Өлкөдөгү алтындын 80% ашыгын кытай-тажик биргелешкен компаниялары иштетет.

ТВЕА компаниясы Кыргызстанда да иштеп кеткен. Чыр менен коштолгон Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялаган. 2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек шаары бир жума бою жылуулуксуз калганы белгилүү. Бул окуядан кийин ишкананы оңдош үчүн Кытайдын «Эксимбанкынан» алынган 386 миллион доллар насыянын бир тобу жең ичинен кымырылып кеткени ачыкка чыккан. Кылмыш иши козголуп, бир нече аткаминер камакка алынган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG