Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:07

Жапаровдун Түркмөнстанга сапары аяктап, Тажикстанга жөнөп кетти


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанда.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркмөнстанда.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 27-28-июнь күндөрүндө расмий сапар менен Түркмөнстанда болду. Ал сапардын биринчи күнү, 27-июнда Түркмөнстандын экспорттук товарларынын көргөзмөсүнө, кыргыз-түркмөн экономикалык форумуна катышты.

28-июнда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, эки өлкөнүн президенттери биргелешкен бизнес долбоорлорду колдоо үчүн уставдык капиталы 100 миллион долларды түзгөн кыргыз-түркмөн өнүктүрүү фондун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

Андан тышкары күз-кыш мезгилинде Кыргызстанга түркмөн газы менен электр энергиясын жеткирүү, Бишкек шаарында кыргыз-түркмөн соода үйүн жана Ысык-Көл облусуна ден соолук чыңдоочу комплекси менен беш жылдыздуу мейманкана курууну макулдашты.

Садыр Жапаров 28-июнда Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарын жыйынтыктап, Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына расмий сапары менен жөнөп кетти.

Дүйшөмбү шаарында ал тажик президенти Эмомали Рахмон менен эки тараптуу кызматташтык жана чек ара маселесин сүйлөшөт. Кыргыз президентинин Тажикстанга сапары 28-29-июнь күндөрү болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG